Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШга бара турган жарандарга ал өлкөдө болуу мөөнөтү тууралуу талаптарды эске алууга чакырды. Мекеме 2-сентябрда билдиргендей, Кошмо Штаттарда канча убакыт болууга уруксатты берилген визанын мөөнөтү эмес, өлкөнүн аймагына кирип жатканда Бажы жана чек ара кызматкерлери аныктай турганы жазылган.
“АКШга баргандан кийин жарандарга Бажы жана чек ара кызматынын онлайн-сервисинен (I-94 формасы) өздөрүнө уруксат берилген мөөнөттү текшерип коюу сунушталат. Белгиленген мөөнөттү так сактоо зарыл. Визалык режимди бузуу терс укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүн”, - деп жазылган билдирүүдө.
Министрлик кыргыз жарандарын белгиленген мөөнөттөн калбай АКШдан чыгып кетүүгө чакырган.
Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык визасы жактырылган 55 миллиондой адамдын ыктымал мыйзам бузууларга барган-барбаганын текшере баштаганы маалым болгон.
Ага ылайык, текшерүүгө колунда америкалык визасы бар бардык жарандар кабылат. Виза берүүдө эреже сакталбаган болсо, андай визалар жок кылынат, виза мөөнөтү өтүп кеткенине карабай Америкада жүргөндөр депортацияланат.
Мамлекеттик департамент АКШ визасын алып саякаттап келгендер мөөнөтүнөн ашык жүргөн-жүрбөгөнүн, коомдук коопсуздукка коркунуч жаратпайбы, кылмыштуу, же террорчул аракеттерге тиешеси жокпу деген маалыматтарды да текшере турганын билдирген.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 22-августтан тартып чоң жүк ташуучу машинелердин айдоочуларына жумушчу виза берүү токтотуларын айткан.
АКШнын Мамлекеттик департаменти мындан мурда бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарганын билдирген. Анда мындай чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук жана коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганы белгиленген.
Ага ылайык, кыргыз жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, мындан ары үч ай болуп кыскарган жана бул виза менен АКШга бир гана жолу кирүүгө болот.
B-1/B-2 визалары – АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаларды алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайра кайтарын далилдеши керек. Кыргызстандыктардын көбү визанын ушул түрүн тандашат.
Июнь айында АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыяланган. Washington Post гезити 15-июнда Мамлекеттик департаментинин катына шилтеме кылып жазган тизмеге Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана Африка, Кариб, Тынч океан аймагындагы өлкөлөр кирген.
Андан соң Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси Бишкектеги АКШ элчилиги жана Вашингтондогу элчи Айбек Молдогазиев сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
Шерине