Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

ШКУ саммити: Токаев БУУну реформалоону сунуштады


Женевадагы кеңседеги БУУнун желеги
Женевадагы кеңседеги БУУнун желеги

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда Кытайдын Тяньцзин шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде куралдуу жаңжалдар тууралуу маселе көтөрдү.

Токаев Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөндүгүнө 80 жыл болгонун айтып, биргелешкен күч-аракеттер менен куралдуу кагылышуулардын “кайтарылбай турган чекитке” жетишине жол бербөө керек деп эсептейт.

"Казакстан Кытайдын Коммунисттик партиясынын жетекчилиги астында жапон милитаризмин жеңген улуу жеңишти чын жүрөктөн урматтайт. Ялта конференциясынын чечимдеринин негизинде советтик аскерлер да катышкан Квантун армиясынын толук талкаланышы Экинчи дүйнөлүк согуштун акыркы чеги болду. Бул юбилейлик дата дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурууга жакшы мүмкүнчүлүк, өзгөчө жаштарды дүйнөлүк тарыхта болуп көрбөгөндөй курмандыктар менен жетишилген жеңиштин идеологиялык, саясий аспектилерине дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу мүмкүнчүлүгү", — деди Токаев.

Ал азыркы шартта БУУну реформалоо керек деген оюн айтты:

"Бүгүнкү татаал геосаясий реалдуулукта БУУну универсалдуу жана көз карандысыз уюм катары колдошубуз керек. Ошол эле учурда БУУну, биринчи кезекте анын негизги органы болгон Коопсуздук кеңешин реформалоо зарыл. Мындай реформа оңой эместигин түшүнүп турабыз, бирок андан башка жол жок. Эгерде азыркы лидерлер аны аткаруудан баш тартса, мамлекеттер БУУга ишенбей калышы мүмкүн", - деди казак президенти.

Буга чейин ал Казакстанда ШКУнун Суу маселелерин изилдөө борборун түзүүнү сунуштаган.

ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммити 31-августта жана 1-сентябрда өттү. Анын жыйынтыгында Тяньцзин декларациясы кабыл алынды, анда Украина тууралуу бир да сөз камтылбады.


Шерине

XS
SM
MD
LG