Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:56

ШКУ кабыл алган Тяньцзин декларациясында Украина тууралуу сөз болгон жок


 Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити. 1-сентябрь, 2025-жыл. Кытай
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити. 1-сентябрь, 2025-жыл. Кытай

2025-жылдын 1-сентябрында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде уюмга мүчө өлкөлөр Тяньцзинь декларациясын кабыл алышты. Маалыматка караганда, ал документте Украина жөнүндө бир дагы пункт камтылган эмес.

"Бир өлкөнүн коопсуздугу башка өлкөнүн коопсуздугунун эсебинен камсыздалбашы керек", - деди Орусиянын президенти Владимир Путин.

Путин Кытайдын, Индиянын жана башка стратегиялык өнөктөштөрдүн украин кризисин жөнгө салууга кошкон салымын жогору баалап, Орусия менен АКШнын Аляскада өткөн соңку жолугушуусунда жетишилген түшүнүшүүлөр бул багытта тынчтыкка жол ачат деген үмүтүн кошумчалады.

Уюмга мүчө өлкөлөр коопсуздук жаатында биргелешип иш алып барууга даяр экенин билдирип, бул багытта жасалма интеллектке байланыштуу коркунучтар белгиленип, аскердик кызматташтыкты кеңейтүү максаттары айтылды.

Мындан тышкары, декларацияда төмөнкү маселелерге да токтолушту: мамлекеттердин өз аймагындагы интернетти көзөмөлдөө укугун таануу, баңгизат трафигине каршы кызматташтыкты кеңейтүү.

Кытайдын лидери Си Цзиньпин Орусиянын президенти Владимир Путин жана Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн лидерлери менен Тяньцзин шаарында жолукту. 31-августтан 1-сентябрга чейин Кытайдын түндүгүндөгү Тяньцзин шаарында 20дан ашык лидер чогулду.

Путиндин ШКУ саммитине катышуусу анын Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын бир бөлүгү болуп, ал 3-сентябрда Бээжинде Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына арналган аскердик парадга катышат. Ошол эле кезде ал Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен да жолукту.

Уюмда 10 толук укуктуу мүчөдөн тышкары эки байкоочу мамлекет жана 14 өнөктөш өлкө бар. Ага Беларус, Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG