Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:02

Тяньцзин саммити: ШКУга төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өттү


Садыр Жапаров Кытайга 31-августта барды.
Садыр Жапаров Кытайга 31-августта барды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 1-сентябрда, Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйынында сөз сүйлөдү.

Садыр Жапаров бүгүн кабыл алынып жаткан документтер, анын ичинде Тяньцзинь декларациясы жөнүндө айтып жатып, макулдашууларды ишке ашыруу уюмдун көп пландуу ишмердүүлүгүн мындан ары активдештирүүгө жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

ШКУнун эл аралык аброюна басым жасап, уюм көп тараптуу бирикме катары калыптанып, БУУнун борбордук ролу менен эл аралык укукка негизделген дүйнөлүк тартипти ырааттуу түрдө жактап жатканын айтты.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге жана Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек аралардын кесилиши жөнүндө келишимге кол коюлганы буга далил болорун кошумчалады.

Садыр Жапаров эки документ тең ШКУнун негизги максаттарына – тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого, өз ара ишенимди бекемдөөгө жана аймакта өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өлкөлөрдүн кошкон маанилүү салымы экенин айтты.

Президент Кыргызстан эртеңден тартып ШКУга төртүнчү төрагалыгын баштай турганын жана уюмдун түптөлүшүнө салым кошкон мамлекет катары муну анын өнүгүүсүнө жаңы дем берүү, анын глобалдык ролун бекемдөө, ошондой эле достук жана ынак коңшулаштыкты мындан ары тереңдетүүгө көмөктөшүү мүмкүнчүлүгү катары карарын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстандын төрагалыгы "ШКУнун 25 жылдыгы: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүүгө бирге" деген ураандын астында өтөрүн белгиледи.

Кийинки жылы ШКУга Кыргызстан төрагалык кылат.

ШКУ саммитине Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Кытайдын, Беларустун башчылары, Индиянын премьери, Ирандын президенти, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф катышууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG