Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:39

Ош милициясы "Эркечтам" бекетиндеги чыр-чатак боюнча түшүндүрмө берди


Ош облустук ички иштер башкармалыгы.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы.

Ош облустук милициясы 31-августта Кытай менен чек арага жакын “Эркечтам” бажы аймагындагы окуя боюнча маалымат берди. Ага ылайык, унаа токтотуучу жайды кайтарган Ички иштер министрлигинин эки кызматкери менен кытайлык жарандардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, кийин уруша кетишкен.

Милиция кызматкерлери эскертүү катары тапанча менен абага үч жолу ок чыгарган соң жаңжал басылган.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга катыштыгы бар делген Кытай эл Республикасынын 9 жараны жана Күзөт бөлүмүнүн эки кызматкери РИИБге жеткирилип, суракка алынган. Алардын жараатын жана спирт ичимдигин ичкендигин аныктоо учурунда Кытай Эл Республикасынын 6 жараны мас абалда экени аныкталган”, - деп жазылган маалыматта.

Окуя боюнча териштирүү иштери уланууда.

Мунун алдында Кыргызстандын милиция кызматкерлери менен кытайлык жарандардын ортосундагы жаңжалдын тасмасы социалдык тармактарга тараган.

Шерине

XS
SM
MD
LG