Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:34

Жогорку Кеңеш каникулдан кийинки сессиясын ачты


Жогорку Кеңештин жаңыртылган жыйындар залы
Жогорку Кеңештин жаңыртылган жыйындар залы

Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулдан кийинки сессиясын ачты. Бул жолу депутаттар Ак үй деп аталган парламент имаратынын толук оңдоодон өткөрүлгөн жыйындар залында ишин баштады. Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттар каникул учурунда эки ай бою аймактарда шайлоочулар менен иштешкенин белгилеп, Жогорку Кеңештин ишине ийгилик каалады.

Жогорку Кеңешинин VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттын туруп, "Ата Журт-Кыргызстан", Ишеним", "Ынтымак", Альянс", "Бүтүн Кыргызстан", "Ыйман нуру" партияларын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзөт.

Саясий айдыңда Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы тарап, күзүндө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөрү жөнүндө сөздөр күчөгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин Фейсбуктагы баракчасына парламент өзүн өзү таркатат деген сөздөр бар экенин жазган эле.

Азырынча жогорку бийликтегилер Жогорку Кеңешке шайлоонун мөөнөтүнөн мурда өтүшү боюнча имиштерге комментарий бере элек. 19-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу шайлоо боюнча жаңы мыйзам жөнүндө айтып жатып, мөөнөтүнөн мурда эч кандай шайлоо болбой турганын белгилеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG