Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:19

Нарындагы жол боюнча транспорт министринин орун басары жана “Бета Групптун” ээси кармалды


Талантбек Солтобаев жана Мирлан Амантуров.
Талантбек Солтобаев жана Мирлан Амантуров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев менен “Бета Групп” компаниясынын ээси Мирлан Амантуров Нарын шаарында салынып жаткан жолго байланыштуу кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, алар Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүндө оңдоодогу мыйзам бузуулар үчүн Кылмыш жаза кодексининин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон иштин алкагында кармалды. Учурда кармалгандар Ат-Башы раймилициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 31-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш сапары учурунда Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүндөгү жолду жасап жаткан “Бета Групп” ишканасынын жетекчисин жана транспорт министринин орун басарын кармоо боюнча телефондон тапшырма берген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаментинин жетекчиси Камилжан Абдыкалыков Нарында подрядчы компания курулушту бүтүрө албай жатканын айткан.

Июнь айынын аягында Нарын шаарынын тургундары калаанын көйгөйүн ырга салып, жыйынтыгында Камчыбек Ташиев Нарынга барып, жыйын өткөргөн. Анда Ленин жана Шералиев көчөсүн оңдоп жаткан “Бета Групп” ишканасын кескин сындаган. Шералиев көчөсүн оңдоо ишин 15-августка чейин бүтүрүү тапшырмасы берилген.

Нарындын тургундары жол сапатсыз курулуп, өз убагында бүтпөй жатканын социалдык тармактарга кайра жазып чыккан.

Буга чейин “Азаттык” жалпы баасы 844 млн сомго бааланган Ленин жана Шералиев көчөсүн “Бета Групп” деген компания салып жатканын, аталган ишкана Бишкек шаардык мэриясынын “кара тизмесине” илингенин жана жетекчиси эки жолу камалып чыкканын иликтеген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG