9-июлда Украинанын чалгын кызматы кытайлык 24 жаштагы киши коргонуу тармагында иштеген украиналык менен достошуп, “Нептун” ракета программасы тууралуу жашыруун маалымат алууга аракеттенгенин билдирген. Кытайдын жараны мындан эки жыл мурун Украинанын техникалык коллежинен чыгарылган. Бийликтин айтымында, ал маалыматты атасына бермек, атасы андан ары Кытайдын атайын кызматына тапшырмак. Кабарга караганда, экөө тең кармалды.
Анын алдыңкы күнү украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын согуштук аракеттерине жардам бергени үчүн кытайлык беш компанияга санкция салган. Киев буга чейин мындай чечкиндүү кадамга барган эмес.
Москва Украинага кол салгандан бери Бээжин бейтарап позицияда экенин жарыялап келгени менен орус мунайын жана газын сатып алып, армиясын кош максаттагы технологиялар менен камсыздап жатты. Киев Батыш өлкөлөрүндөй эле Кытай согушту токтоттуруу үчүн Орусиянын президенти Владимир Путинге кысым жасайт деп үмүттөнүп келди.
Кытай мурда микрочиптер өңдүү компоненттерди жөнөтүп жүрсө, эми Орусияны болжол менен бүтүндөй системалар менен камсыздоодо. Май айында орусиячыл Телеграм-канал Москва украиналык дрондорду атып түшүрүү үчүн Кытайда жасалган жаңы лазер куралын колдонгонун жазган.
Бир апта мурун Украинанын аскердик чалгын агенттиги Москва пилотсуз учактарды тутуу үчүн колдонгон жабдыктар Орусияда куралганын, бирок тетиктер Кытайда жасалганын билдирди.
Бээжин ал арада соода көргөзмөлөрүндө Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарынан келген расмий адамдарды кабыл алып, кытайлык компаниялар ошол облустарда иш алып барган орусиялык фирмаларга оор техника сатып жүрөт.
Кытайдын позициясындагы өзгөрүүлөр Кытай бейтарап экенин көргөзүүгө аракеттенбей калды деген кабарлардын фонунда байкалып жатат.
Еврошаркеттин өкүлдөрү “Азаттык” радиосуна айтып бергендей, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 3-июлдагы жолугушууда шаркеттин башкы дипломаты Кайя Калласка Бээжин Орусиянын согушта жеңилишин каалабайт деп билдирген. Эмне дегенде, андай болсо Кошмо Штаттар Кытайга көбүрөөк көңүл бура баштайт. Европа биримдигинин аткаминерлери Ван И Бээжиндин урушту колдогонун четке какканы менен анын комментарийлери Бээжиндин буга чейинки позициясынан тайганын көргөзүүдө деп белгилешти.
Еврошаркет менен Кытайдын 25-июлда өткөн саммитинде Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен кытайлык лидер Си Цзинпинге Брюссель-Бээжин мамилелери “бурулуш этапта” турганын айтты. Ал алакалардын мындан аркы өнүгүшү Кытай менен Москванын байланыштары “чечүүчү роль” ойнорун кыйытты.
Украинанын кытайлык жарандарды тыңчылыкка айпытаганы, компанияларга санкция салганы Киев дагы өз позициясын кырдаалга жараша тууралап жатканынан кабар берет.
Верховна раданын тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы Александр Мережконун пикиринде, “белгилүү бир эволюция болду”:
“Эң башында Кытай тынчтык жараянына аралашышы мүмкүн деген үмүт бар болчу. Эми биз реалист болуп, “Кытай Орусияны колдоп жатат” деп ачык айта алабыз”.
Өткөн жылы Бээжин Швейцарияда уюштурулган Украина боюнча тынчтык саммитине катышуудан баш тарткан. Форумга 100дөн ашык өлкөлөр менен уюмдар катышкан.
Былтыр декабрда Зеленский Кытай менен сооданы согушка чейинки деңгээлге жеткирүү жана ал өлкө менен алакаларды тереңдетүү үмүтүн айткан.
Бирок мындай оптимисттик маанай июнга карай, Кытай Украинага дрондордун тетиктерин экспорттоону токтоткондо өзгөрдү. Бир нече күндөн кийин украин президенти Сингапурга барганда, эксперттер айткандай, Бээжинди ачык сындаган.
Үстүбүздөгү айда Римде Украинаны кайра курууга арналган конференцияда Зеленский Орусияны колдогон мамлекеттер согуштан кийинки реконструкция иштерине катышпайт деп эскертти. Бул билдирүү Кытайга каршы багытталган деп чечмеленүүдө.
Июнда АКШ менен Украина кол койгон маанилүү минералдарды казууга инвестиция салуу тууралуу келишимде да Орусияны колдогон өлкөлөрдү ал жараяндан чыгаруу каралган. Бул Киев менен Бээжиндин ажырымы тереңдеп жатканынан кабар берет.
Ошентсе да Украина этият болууга аракеттенүүдө. Кытай өлкөнүн ири соода өнөктөшү бойдон калууда. Анын экспорту Польша жана Германияны чогуу алганда эселеп ашат. Сооданы токтотуп коюу согуштан жабыркаган украин экономикасына чоң сокку болуп калмакчы.
Киев Бээжин менен алакаларын үзбөгөнү менен Кытай бейтарап позицияны ээлейт деген иллюзия жок болду.
Макаланын авторлору Todd Prince жана "Азаттыктын" украин редакциясы.
Шерине