Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы шаардын аймагында курулуп бүтө элек үйлөрдүн биринен курал-жарак жана ок-дарылар катылган жашыруун жай табылганын билдирди.
Шаардык милициянын маалыматына ылайык, 9 мм калибрдеги макаров тапанчасы, 5 граната, ар түрдүү калибрдеги 500дөн ашуун ок-дарылар, 2023-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) анын жансакчысы жана Ж.Т. (каймана аты Тоха) бирге түшкөн сүрөт табылган.
Милиция бул курал-жарактарды “Ишим – Ирак, Шам Ислам мамлекети” (ИГИЛ), террористтик уюмунун мүчөсү, Ички иштер министрлигинде (ИИМ) уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Ж.Т. катканын кабарлады.
ИИМдин маалыматы боюнча, ал 2015-жылы Бишкектеги Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде атайын операция маалында “ИГИЛ” террористтик-экстремисттик тобунун мүчөлөрү менен кошо жок кылынган. (BTo)
Шерине