Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

"Бомбадан коргоочу жайга бир түндө үч жолу түштүк". Израилдеги кыргызстандыктар


Тель-Авивге жакын жайгашкан Рамат-Ган шаарындагы метро станциясы. 17-июнь, 2025-жыл.
Тель-Авивге жакын жайгашкан Рамат-Ган шаарындагы метро станциясы. 17-июнь, 2025-жыл.

Кыргыз өкмөтү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарды Иран менен Израилге барбай турууга, жарандарды бул өлкөлөрдөн чыгып кетүүгө чакырды. “Азаттык” Израилде жашаган кыргызстандыктардын азыркы абалы менен таанышты.

72 жаштагы Майрамкан Бекматова Израилдин Тель-Авивге жакын Петах-Тиква шаарында жашайт. Ал бул өлкөгө алты жыл мурда келген. Бекматованын айтымында, соңку күндөрү коопсуз жайларга улам кирүүгө аргасыз болууда.

"Баарыбыз коопсуз жайга кирип, айтылган көрсөтмөлөрдү аткарып жатабыз. Сирена 1,5 мүнөткө чейин жаңырат. Ошондо үйүбүздүн эң төмөнкү кабатына түшөбүз. Кечээ түнү үч жолу түштүк. Чыгып баратканда сигнал жаңырып, кайра кирип калдык. Ар кандай болуп жатат негизи. Көбүнчө кечке жуук башталат мындай эскертүүлөр. Биздин шаарга түздөн-түз түшпөсө деле, Тель-Авивге бомба түшсө, бул жакта дагы сигнал угулат. Израилдеги үйлөрдүн көбүндө жертөлө же эң астыңкы кабаты атайын коргонуу жайына айланган. Көчөдө баратканда да коопсуз жайды көрсөткөн атайын белгилер илинип турат. Көчөдө жүрсөк, ошол жакка кире калабыз".

Бекматованын айтымында, Израилдеги кыргыздар бири-бири менен байланышып турат. Консулдук кызматкерлери да утур-утур кабар алып, телефон аркылуу ал-акыбалын сурашууда.

"2023-жылы абдан кооптуу жагдай түзүлгөн. Азыр кадимкидей эле күндүз ишке барып жатабыз. Бул жакта улуту кыргыз 200дөн ашык адам бар. Көбү — Кыргызстандын жараны, арасында Орусиянын жарандары да бар. Баарыбыз иштегени келгенбиз. Айлык жакшы болгондуктан, көпчүлүк калып иштейт. Мисалы, бул жакта кыргызстандык бир кыз эки жыл жүрүп кайра кетти, кийин башкаларды жиберди. Менин жанымда өзбек жарандары да иштейт. Жакындарым "кел" деп утур-утур чалып, балдарым кабатыр болуп жатышат. Бирок азырынча бул жакта калуу чечимин кабыл алдым", — деди Бекматова.

Майрамкан Бекматованын жеке архивинен.
Майрамкан Бекматованын жеке архивинен.

"Азаттык" Кыргызстандын ардактуу консулу Дмитрий Шкаф менен маек курду. Учурда Израилдеги абал кандай? Өлкөдө канча кыргызстандык бар жана алар менен байланышып жатасызбы?

- Биздин божомол боюнча, Израилде азыр 400дөн 500гө чейин кыргыз жараны жашап жатат. Алардын айрымдары кош жарандуулукка ээ — Орусиянын же Израилдин жарандыгы да бар. Менимче, алардын 60 пайызы турист катары келип, кийин бул жакта калууну чечкен.

Кээ бирлери бул жакка жубайын же туугандарын көргөнү келген. Кыргызстанда төрөлүп өсүп, бул жакка келген дагы бир нече миң адам бар. Алардын көбү 90-жылдардан кийин чек ара ачылганда келе баштаган.

Кыргыз жарандарынын көбү Израилдин борбордук бөлүгүндө жашайт. Анткени негизги эмгек базары ошол жакта. Эркектер курулушта, дүкөндөрдө, кара жумуштарда иштесе, аялдар улгайган адамдарды багып же тазалоо иштеринде жүрөт.

Жалпысынан кыргызстандыктардын 70 пайызы борбордо, калгандары түндүк жана түштүк аймактарда жашайт.

Израилдеги консулдук жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жарандар менен активдүү байланышта. Элчиликтин жана консулдуктун сайттары, телефондор жана электрондук почталар иштеп турат. Facebook социалдык тармагында консулдуктун жана диаспоранын баракчаларында жарыяларды жайгаштырып жатабыз.

Ошондой эле WhatsApp тайпалары бар. Мисалы, "Кыргыздар" деген тайпабызда 100дөн ашык адам бар. Ал жерде да маалымат таратылат. Google'га "Кыргызстандын Израилдеги консулдугу" деп жазса эле, бардык маалымат чыгат. Биз 24 саат бою жооп берип турабыз. Телефон чалуулар абдан көп. Жардамчым кабыл алат, өзүм да жооп берем.

Азыр негизги суроолор эвакуация боюнча. Эл чыгып кетүүнүн жол-жобосун сурап жатат. Израилде көп жылдан бери иштейм, бул мен күбө болгон биринчи жаңжал эмес. Мындай учурларда башында активдүүлүк күчөйт. Кээ бирөөлөр чыгып кетет, бирок 80 пайызы калып, абал турукташкандан кийин жашоосун улантат.

Сүрөттө: Кыргызстандын Израилдеги ардактуу консулу Дмитрий Шкаф жана Израилдин Казакстандагы өзгөчө жана ыйгарым укуктуу мурдагы элчиси жана Кыргыз Республикасындагы резидент эмес (тұруктуу эмес) мурдагы элчи Лиат Вексель
Сүрөттө: Кыргызстандын Израилдеги ардактуу консулу Дмитрий Шкаф жана Израилдин Казакстандагы өзгөчө жана ыйгарым укуктуу мурдагы элчиси жана Кыргыз Республикасындагы резидент эмес (тұруктуу эмес) мурдагы элчи Лиат Вексель


- Израилдеги кооптуу кырдаал кыргызстандыктарга кандай таасирин тийгизди? Борбор Азиядан чыккан айрым адамдар жер астындагы жайларда жашынып жатканын билдиришүүдө. Алардын арасында кыргызстандыктар барбы?

- Мен Иерусалимге 50 мүнөттө келген Герцлия шаарында жашайм. Кечээ түнү үйдөн үч чакырым жерге ракета түшүп, токтоп турган автобустар жабыркады. Үй титиреп, терезелер жылышып кетти. Мен жашаган үйдүн бир бөлүгү консулдук, экинчи бөлүгүндө үй-бүлөм жашайт.

Бул жакта коопсуздук системасы жакшы уюштурулган. Эскертүүлөр так берилет. Баш калкалоочу жайда отурсаң, салыштырмалуу коопсуздук камсыздалат. Жер алдында баш калкалоочу жайлар бар.

Адегенде чалгын кызматы ракеталар даярдалып жатканын билдирет, андан кийин 10 мүнөттөн кийин учурулат деген эскертүү келет. Эгер ракеталар тосулбай калса, жети мүнөттөн кийин акыркы эскертүү берилет — ошол маалда баш калкалоочу жайга түшүү керек.

Эгер ракета аба мейкиндигине кирсе, "Темир калкан" системасы иштейт.

Бул жер жаңжалдарга даяр. Болгону алардын масштабы өзгөрүп турат. Бир жолу конокто отурганда абадан айгай жаңырып, жертөлөгө түшкөнбүз. Ооба, ыңгайсыз, бирок салыштырмалуу коопсуз. Түз чабуул болсо, жертөлө деле сактап калбайт.

Мисалы, бир үйгө ракета түз тийип, анын астында жашынган адамдар аман калган эмес. Бирок эгер түз тийбесе аман калсаң болот же жеңил жараат менен чыгып кетесиң.

Азыр баш калкалоочу жайларда отургандар арасында кыргызстандыктар да бар. Алар мага баш калкалоочу жайда отурган сүрөттөрдү жөнөтүүдө. Мен, албетте, бул сүрөттөрдү эч жакка жарыялабайм. "Сиз айткандай көрсөтмөлөрдү аткарып жатабыз, аман чыгабыз деген үмүт чоң" деп жазышат.

Жер төлөө, Израил.
Жер төлөө, Израил.

- Ушундай оор шартта консулдук кыргызстандыктар менен кандай байланыштар болууда? Аларга коопсуздук боюнча маалыматтык жардам же көрсөтмөлөр берилүүдөбү?

- Биз чоң иш жүргүзүп жатабыз. Эвакуация боюнча жардам бере ала турган достук мамиледеги өлкөлөр менен сүйлөшүп жатабыз. Мен Орусия, Беларус, Өзбекстан, Казакстандын, Армениянын элчиликтерине нота жөнөттүм. Анда Кыргызстан жарандары да эвакуация тизмесине кошулса деген өтүнүч жазылган.

Мен бул өлкөлөрдүн элчилери менен жакшы мамиледемин, күндө байланыштабыз. Ооба, экономикалык жактан жана уюштуруу боюнча маселе бар. Бирок байланыш үзүлгөн жок. Мисалы, мурдагы жаңжалдарда Армениянын элчилиги учууга орун берип жаткан. Бирок ал убакта биздин жарандар кетүүдөн баш тарткан.

Түшүнүш керек — бул коммерциялык рейстер, мамлекет тарабынан каржыланбайт. Бул эвакуациялык эмес, атайын уюштурулган чартердик каттамдар.

Тель-Авивге жакын жайгашкан Рамат-Ган шаарындагы метро станциясы. 17-июнь, 2025-жыл.
Тель-Авивге жакын жайгашкан Рамат-Ган шаарындагы метро станциясы. 17-июнь, 2025-жыл.

- Кыргызстандыктарды Израилден эвакуациялоо иштери болдубу? Бул багытта кандайдыр бир маршруттар же келишимдер барбы?

- Кээ бир кыргызстандыктар Израилден чыгып кеткен. Кечээ жана бүгүн мен алардын айрымдары менен жеке жолугуштум. Бен-Гурион аэропорту азырынча өлкөгө кайтып келаткан жарандарды гана кабыл алууда. Деңиз порттору яхталарды жана круиздик лайнерлерди кабыл алып жатат.

Мисалы, МАНУ Сапануту компаниясына таандык эки лайнер (анын ээси — Орусия Федерациясынын ардактуу консулу) да эвакуация менен алектенип жатат. Негизги чыгуучу маршруттар Египет же Иордания аркылуу.

Египет аркылуу чыгуу орусиялыктарга ыңгайлуу, анткени "Аэрофлоттун" каттамдары бар. Иордания аркылуу балким, Казакстанга бара тургандарга ыңгайлуураак. Бирок бул жагы азырынча так эмес.

Кандай болбосун, ар бир кыргызстандык бул маршруттар аркылуу чыга алат. Бирок визалык режим бар. Кыргызстандын ТИМи менен кошо транзиттик виза талап кылбаган жолдорду издеп жатабыз.

Азырынча чыгууга даяр болгон 13 адам бар. Эгер кырдаал курчуп кетсе, эртең бул сан 33кө жетиши мүмкүн. Абал өтө динамикалуу. Булар Кыргызстандын жарандары. Израил жарандары болсо, тескерисинче, кайра кайтып келип жатышат.

Бирок жапырт чыгып кетүү жок. Паника жок. Мындай иш күндүз гана ишке ашат: адамдарды алып кетишет, чыгарып кетишет, кайра кайтып келет.

Биринчи түнү коркунучтуу жана түшүнүксүз болду. Анан баш калкалоочу жайда отуруп, “бум-бум-бум” деген үндү уксаң демек, баары жакшы дейсиң. Бул ракета тосмо системасы иштеп жатат деген белги.

Болжол менен 26 адам каза болгонун айтып жатышат.

Кыргызстандын Израилдеги ардактуу консулу Дмитрий Шкаф үй-бүлөсү менен
Кыргызстандын Израилдеги ардактуу консулу Дмитрий Шкаф үй-бүлөсү менен

- Кыргыз жарандарына кандай жардамдар көрсөтүлүп жатат — турак жай, тамак-аш, медициналык же психологиялык колдоо барбы?

- Бизге көбүнчө визасы же паспортунун мөөнөтү өтүп кеткен жарандар кайрылат. Мисалы, 2023-жылы октябрда башталган жаңжалда бизге ушундай маселеге туш болгон бир нече кыргыз жараны кайрылган.

Аларга ошол учурда убактылуу күбөлүк даярдалган. Ошол жаңжалда онго жакын кыргыз жараны убактылуу документтер менен өлкөдөн чыгып кеткен. Өз алдынча кеткендердин так саны бизге белгисиз.

Психологиялык жактан, албетте, адамдарга оор. Телефон чалат. Бир аял чалып, үйүнүн жанында ракета жарылганын айтып, аябай коркуп, кимге чаларын билбей калганын айткан. Кыргызстанда балким аны түшүнүшпөйт эле. Кээде жөн эле жооткотуп коюуга туура келет.

Мен өзүм биздин көп жарандар менен байланыштамын. Эгемендик күнү, Нооруз сыяктуу майрамдарда иш-чараларды уюштуруп турам. Нетания шаарында Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда еврейлерди кабыл алган жана сактап калган кыргыз элине ыраазычылык билдирген эстелик ташын орнотком. Бул таш биздин мекендештердин жолугушуучу жайына айланган.

Израилдеги кыргызстандыктар.
Израилдеги кыргызстандыктар.

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарды Иран менен Израилге барбай турууга, ал жакта жашаган жарандарды бул өлкөлөрдөн чыгып кетүүгө чакырды. Анда жарандарды аба каттамдарына кирген чектөөлөрдү эске алуу жана чет өлкөдөгү мекемелердин, авиакомпаниялардын билдирүүлөрүнөн кабардар болуп туруу сунушталган. Зарыл учурда Кыргызстандын ошол аймактагы дипломатиялык мекемелерине кайрылуу керектиги жазылган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG