Мындан ары тартиптик жазага тартылган мамлекеттик саясий кызматкерлер чет өлкөгө иш сапарларга чыга албайт. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 12-июнда Фейсбук баракчасына жазды.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, тартиптик жазага илинген жетекчилердин сый акысы жана дем берүүчү төлөмдөрү убактылуу токтотулат.
“Мындай кадам – саясий кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатууну көздөйт. Эми ар бир жетекчи же жогорку кызматтагы адам кызматын так аткарууга, сергек болууга, мыйзамды жана тартипти сактоого милдеттүү”, - деп жазды Орунбеков.
Президент Жапаров соңку ирет аскердеги чоңсунуу маселесине байланыштуу 12-майда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге сөгүш берген.
Анын алдында Бишкектеги Республикалык диагностикалык борборго күтүүсүз барган. Чакырылган адистер борбордо сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл шарттар жок экендигин айтышкан. Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевге сөгүш берип, көйгөйдү эки күндө чечүүнү тапшырган.
Февралда билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаевага жана анын биринчи орун басары Бекжан Супаналиевге катуу сөгүш, орун басары Лира Самыкбаевага сөгүш берип, дагы бир орун басары Расул Абазбек уулун кызматтан алган.
Январь айында президенттин Кытайга сапарына даярдык көрүүгө байланыштуу Кыргызстандын Бээжиндеги элчиси Актилек Мусаевага да сөгүш берилген.
Шерине