Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Агартуу министрлиги мугалимдердин отчет иштери азая турганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Агартуу министрлиги мектептер боюнча беш автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизип, мугалимдердин отчеттук иштерин азайтуу аракети жүрүп жатканын билдирди.

Мекеменин 12-июнда тараткан маалыматында, санариптештирүүнүн баштапкы этабында мугалимдер мурда кол менен толтурган 46 отчеттун 30у толугу менен жоюлат. Эми бардык отчеттор каалаган күнгө онлайн режимде автоматтык түрдө түзүлөт.

“Күндөлүк” системасы бардык мамлекеттик мектептерге киргизилди жана келерки окуу жылынан тарта толук колдонууга берилет. Учурда бул системаны 50 миңдей мугалим пайдаланууда. Мында окуучунун социалдык абалы, кайсы мектепке которулганы, баалары жана электрондук күндөлүгү болот. Ушул окуу жылынан баштап “Күндөлүк” жеке менчик мектептерде да колдонула баштайт.

Ушул сыяктуу эле “Мугалим” системасында мугалим тууралуу маалыматтар болот. Мектептин имараттарынын абалы, техникалык жабдуулары үчүн да өзүнчө портал иштейт.

Мындан тышкары “Санарип аттестат”, “Санарип диплом” порталдары ишке берилет. Бул система аркылуу жогорудагы документтердин электрондук форматын алууга болот.

2025-жылдын аягына чейин “Маалыматтык башкаруу системасы” платформасы ишке кирип, билим берүү боюнча башка мекемелерге берилчү отчеттор толугу менен жоюлат.

Мугалимдердин колдо толтурган кагаз иштери көп экени, мындан улам документ иштерин азайтуу сунушу айтылып келет.

Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан 74 миңге жакын мугалим иштейт. Былтыр 1-сентябрда мектеп босогосун 150 миңдей бала аттаган.



Шерине

XS
SM
MD
LG