Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргызстандагы байкоочу жана көзөмөлдөөчү органдарды оптимизациялоону – көзөмөл органдарынын санын 17ден 7ге чейин кыскартып, аларды функционалдык блоктор боюнча бириктирүүнү сунуштады. Мындай сунушун ал Бишкекте өткөн Өсүү жана жумуш менен камсыз кылуу форумунда билдирди.
Айтымында, быйылкы жылдын биринчи кварталында 500дөн ашык текшерүү ашыкча деп табылып, токтотулган.
Муну менен катар мамлекеттик башкарууну де-бюрократиялаштыруу боюнча реформалардын алкагында уруксат берүүчү жүктү азайтуу, ишкерлерди тейлөө борборун модернизациялоо, нормативдик чөйрөнү жөнөкөйлөтүү сыяктуу сунуштарын жарыялады.
Март айында 6 лицензия жана 2 уруксат кагазы жокко чыгарылган мыйзам кабыл алынган.
5-июнь күнү Бишкекте Өсүү жана жумуш менен камсыз кылуу форуму өттү. Иш-чараны Экономика жана коммерция министрлиги, Юстиция министрлиги, президенттин алдындагы Улуттук стратегиялык демилгелер институту жана Дүйнөлүк банк биргелешип уюштурган.
Форум мамлекет, бизнес жана эл аралык өнөктөштөр ортосундагы экономикалык реформалар жана жумуш орундарын көбөйтүү маселелерин талкуулай турган ачык диалог аянтчасы катары кызмат кылууда.
Шерине