Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:02

Бишкек: Төрт мектеп акыйкатчынын мониторингине уруксат берген жок


Акыйкатчынын өкүлдөрү 49 мектепте мониторинг жүргүзүштү.
Акыйкатчынын өкүлдөрү 49 мектепте мониторинг жүргүзүштү.

Акыйкатчынын өкүлдөрү 5-6-класстын окуучуларын кийинки класска көчүрүүдө кыргыз тили боюнча билим деңгээлин текшерүү үчүн уюштурулган экзаменге мониторинг жүргүзүүдө Бишкектин төрт мектебине кире алган жок. Бул тууралуу 5-июнда акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, республика боюнча 53 мектепке баруу пландалган, бирок 49 гана мектеп камтылды, Бишкектин № 17, №25, №24 жана №72 мектептеринде мониторинг жүргүзүүгө уруксат берилген жок:

"Алар мындай чектөөнү Агартуу министрлигинин оозеки көрсөтмөсүнө таянып түшүндүрүштү. Бул боюнча тиешелүү актылар түзүлдү, бирок мектептин өкүлдөрү аларга кол коюудан баш тартышты".

Сынак тапшырган окуучулардын укугу канчалык сакталып, корголуп жатканына, уюштурулган шартына байкоо жүргүзүү үчүн 27-30-май күндөрү өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгында экзамен жалпысынан белгиленген тартипке ылайык, олуттуу мыйзам бузуусуз өткөнү, ата-энелерден арыз-даттануу түшпөгөнү аныкталды.

Мониторинг өлкө боюнча тандалма түрдө 49 билим берүү мекемесинде жүргүзүлдү. Бишкекте 11, Ошто 7, Баткенде 8, Нарында 12, Жалал-Абадда 4, Таласта 3 жана Ысык-Көлдө 4 мектеп камтылды.

Мыйзамда акыйкатчы "Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын текшерүү максатында бардык мекемелерге менчигинин формасына карабастан тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу. Акыйкатчы Башкы прокуратурага тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу" деп жазылган.

Агартуу министрлиги жана жогоруда аталган төрт мектеп (алардын үчөө толук орус тилдүү, бирөөндө окутуу орус жана кыргыз тилдеринде) акыйкатчынын бул маалыматы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстан быйылтан тартып окуучуларды кийинки класска көчкөндө кыргыз тилинен милдеттүү экзамен тапшырта баштады. Сынак лексика-грамматика, окуу-түшүнүү жана жазуу боюнча өтөрү, быйыл 5-6-класстар, ал эми келерки 2025-2026-окуу жылынан тартып 7-8 жана 10-класстар тапшырары маалымдалган.(RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG