Беларуста Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (КГБ) кызматкерлери "Беларус аналитикалык аянтчасы" уюмунун социологиялык сурамжылоосун уюштурууга, жүргүзүүгө катышкан адамдардын үйүндө тинтүү жүргүзгөнүн 5-июнда өз булактарына таянып оппозициялык басылмалар жазышты.
Аталган аналитикалык уюмдун кеңсеси Польшанын борбору Варшава шаарында жайгашкан, аны 2012-жылы социолог Андрей Вардомацкий негиздеген. Беларустардын саясий, маалыматтык тандоосун, маанайын изилдеген бул уюмду жана анын эки кызматкерин Минск быйыл 21-майда экстремисттик деп жарыялаган.
Тинтүүгө уюмдун Беларустагы өкүлдөрү алынып, алардын бирөөнө кылмыш иши козголгону, калгандары күбө катары сурак берип жатканы маалымдалды. Күч кызматкерлери алардын телефондорун жана ноутбуктарын тартып алышканы да кабарланды.
Саясий талдоочулар социологдордун куугунтукка кабылышын өлкөнүн авторитардык режими Александр Лукашенко эркин анализден качарынын белгиси деп баалашат.
2020-жылы Беларуста оппозициянын ири нааразылык акциясы Лукашенко кайрадан өзүн президент деп жарыялап алган шайлоодон кийин тутанган. Миңдеген киши митингге чыккан. Акция күч менен таркатылып, көпчүлүгү кармалып, камакка алынган, оппозициянын лидерлери жана айрым өкүлдөрү сыртка чыгып кетүүгө мажбур болгон. Бир нече киши полициянын зомбулугунан каза тапкан. Укук коргоочулар кармалгандар полициянын жана атайын кызматтын кыйноосуна кабылгандыгынын далили бар экенин айтып жүрүшөт. (RK)
Шерине