Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:09

Казакстанда чегиртке каптаган талаа тууралуу айткан блогер жазаланды


Чегиртке.
Чегиртке.

Казакстанда айыл чарба темасында жазып жүргөн блогер "жалган маалымат жайгаштырган жана жайылткан" деген айып менен административдик жазага тартылды. "Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, 5-июнда борбор калаа Астанада сот агроблогер Кирилл Павловго чегиртке каптаган аймактар тууралуу маалыматы үчүн 78 640 теңге (болжол менен 150 доллар) айыппул салды.

Павлов өзү мындай айыптоого макул эмес экенин, жарыялаган маалыматынын кайсы жери жалган болуп жатканын сот түшүндүрө албаганын, болгону "расмий маалыматка дал келбейт" деп гана койгонун Facebook баракчасына жазды.

Кирилл Павлов Айыл чарба министрлигинин быйыл чегиртке 2,1 миллион гектарды капташы ыктымал экени тууралуу божомолу чыныгы абалдан алыс болушу мүмкүндүгүн, анткени бир эле Жамбыл облусунда 3,5 миллион гектар жабыркаганын жазган. Ошондой эле ал былтыр Казакстанда чегирткеге каршы күрөш үчүн мамлекеттен бөлүнгөн 8 миллиард теңге боюнча коррупциялык көйгөй чыкканын эскерткен.

Укук коргоочулар Казакстандын кылмыш-жаза кодексиндеги "жалган маалымат жайгаштыруу жана жайылтуу" тууралуу беренени бийлик өзүнө жакпаган журналисттерди, блогерлерди жана активисттерди куугунтуктоо үчүн колдонуп жатат деп эсептешет. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG