Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, тоолордо сел жүрөрүн эскертти


Ош облусунда жүргөн селдин бири. Архивдик сүрөт.
Ош облусунда жүргөн селдин бири. Архивдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 5-июнда шашылыш билдирүү таратып, алдыңкы күндөрү тоолордо сел жүрөрүн эскертти.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 7-июндан 8-июнга чейин абанын температурасы жогорулап, нөшөрлүү жаан-чачын болушу күтүлөт. Катуу жаандан улам тоолуу аймактарда жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ жарандарды бул күндөрү тоолуу аймактарда, жаратылышта эс алуудан баш тартып, дарыя жээктеринен алыс болууга чакырат.

Былтыр Кыргызстанда жаз-жай айлары жаанчыл болуп, өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүргөн жана адам өлүмү менен аяктаган окуялар орун алган.

ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, соңку 12 жылдын ичинде жалпы өлкө аймагында 900дөн ашуун сел жүргөн.

Беш жыл ичинде сел жана суу ташкынынан 32 адам каза болгон. 2024-жылы өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жүргөн 300дөй селден 20дан ашуун кишинин өмүрү кыйылган. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG