АКШ президенти Дональд Трамп шаршембиде Владимир Путин менен телефондон бир сааттан ашык сүйлөшкөнүн, орус президенти 1-июнда Украинанын орус аба базаларын бутага алган жапырт дрон чабуулу үчүн жооп берүүгө мажбур болорун эскерткенин билдирди. 75 мүнөттөй созулган сүйлөшүү Украина менен Орусия ортосунда тынчтык орнотчу багытта болгон жок, деди Трамп. Анын айтымында, Путин АКШнын Ирандын өзөктүк куралга ээ болууга умтулуусун токтотуу аракетине жардам кылуу ниетин билдирген. "Иран бул маселеде көз карашын билдирүүнү создуктуруп жатат, биз Тегерандын жообун тез арада угушубуз керек!" - деп жазды Кошмо Штаттардын президенти.
Трамп: Путин Украинанын соңку чабуулдары үчүн жооп берилээрин эскертти

Шерине