Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Беларуста оппозициячыл блогер 20 жылга сыртынан соттолду


Антон Мотолько.
Антон Мотолько.

Беларустун Гродно облустук соту "Белорусский Гаюн" долбоорунун негиздөөчүсү, блогер Антон Мотолькону сыртынан 20 жылга эркинен ажыратты. "Азаттыктын" беларус кызматы блогер 12 айып боюнча күнөөлүү деп табылганын жазды.

Расмий маалыматта сот 36 жаштагы блогерди "бийликти күч менен басып алуу, экстремисттик уюм түзүү, экстремизмди каржылоо жана жайылтуу, массалык башаламандыктарды уюштуруу, кастыкты козутуу, Беларуска каршы санкцияларды колдонууга чакыруу жана президентти кемсинтүү" тууралуу беренелер боюнча күнөөлүү деп тапканы айтылды.

Беларустан 2021-жылы чыгып кеткен блогер учурда Польшада жашайт. Мекенинде аны бийлик терроризмге тиешеси бар адамдардын тизмесине киргизип, анын "МотолькоПомоги" жана "Гаюн" долбоорлорун экстремисттик деп тааныган.

"Белорусский Гаюн" Украинада согуш башталгандан бери орус аскерлеринин Беларустагы кыймылына көз салып турган.

Беларуста ондогон активист, журналист камакта отурат. "Азаттыктын" беларус кызматы 1000ден ашуун активист камакта экенин бир жыл мурун жазган. (AiA)


Шерине

XS
SM
MD
LG