Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Газада жардам таратылчу жерде атылган октон 27 киши мерт болду


Газа.
Газа.

Газанын түштүк тарабындагы Рафах шаарында гуманитардык жардам таратылчу жерге топтолгон элге танктардан ок атылып, 27 адам каза болгонун анклавдын ХАМАС (АКШ жана Европа Биримдиги террордук деп жарыялаган топ) көзөмөлдөгөн саламаттык министрлиги билдирди. Израил армиясынын өкүлү шектүү адамдар тобуна эскертүү огу атылганын, андан натыйжа болбогондо танктар менен минометтордон ок атылганын ырастады.

Жекшембиде ушул эле аймакта Израил аскерлеринин огунан 31 киши мерт болуп, 200дөй адам жараат алганын жергиликтүү ооруканадан кабарлашкан. Анда да Израилдин куралдуу күчтөрү шектүү кишилердин өзүлөрү тарапка кыймылын байкаганда ок ачылганын билдиришкен.

Элге тамак-аш, жардам таратууну Газанын гуманитардык фонду ишке ашырат. Фонд АКШнын жана Израилдин демилгеси менен уюшулган. Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Женевадагы кеңсеси Газада тамак-аш таратылчу жайларда топтолгон палестиндерге үч күн удаа куралдуу чабуул коюлганын айыптап, бул окуялар "аскердик кылмыш" катары каралышы мүмкүн экенин эскертти.

Шерине

XS
SM
MD
LG