Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

"Клооптун" журналисттери сурак берип чыкты, Александров менен Дуулатов 48 саатка кармалды


Зыягүл Болот кызы, Александр Александров, Айдай Эркебаева, Зара Сaдыгалиева. (солдон оңго)
Зыягүл Болот кызы, Александр Александров, Айдай Эркебаева, Зара Сaдыгалиева. (солдон оңго)

28-майда "Клооптун" оператору Александр Александров жана мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалды. Басылманын журналисттери Айдай Эркебаева, Зыягүл Болот кызы жана мурунку кызматкери Зара Садыгалиева сурак берип чыкты. Укук коргоо органдары азырынча комментарий бере элек.

Ошондой эле журналисттер менен чогуу УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына жеткирилген эки жаран дагы сурактан чыкты. Алардын атайын кызматтын имаратынан чыгып жаткан видеосун "Клооп" телеграм-каналына жарыялады.

"Клооптун" оператору Александр Александров жана басылманын мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалганын адвокат Бакыт Автандил билдирди. Аларды УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына алып кетишкенин Автандил бейшембиге караган түнү журналисттерге айтты.

"48 сааттын ичинде алардын баш коргоо чарасын карашат. Аларды кармоо мыйзамсыз деп санайбыз. Кармалгандар жапырт башаламандыкка чакырууга шектелип жатат" - деди адвокат.

УКМК журналисттердин үйлөрүн тинтүү, суракка алуу жана эки жарандын кармалаганы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Шаршембинин кечинде Автандил бир нече саат атайын кызматтын имаратына кире албай турду. Саат кечки 10дордо гана аны ичине чакырып кетишкен.

Ал жерге журналисттердин жакындары менен кесиптештери да барды.

Үйүн тинтип, ноутбук, смартфонун, өзүн алып кетишти

28-майдын таңында Kloop басылмасынын Оштогу кабарчысы Зыягүл Болот кызынын үйү тинтүүгө алынып, укук коргоо органдары аны суракка алып кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” басылманын башкы редактору Анна Капушенко билдирип, Фейсбуктагы баракчасына кененирээк маалымат жазды:

“Бүгүн эртең менен Kloop журналисти Зыягүл Болот кызынын Ош шаарындагы үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, аны суракка алып кетишти. Бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп айтканы менен журналисттердин системалуу түрдө куугунтукка алынышы мунун тескерисин көрсөтүүдө. Мамлекет биздин салыктарды тургундардын жашоосун жакшыртууга эмес, журналисттерге жана жарандарга кысым көрсөтүүгө жумшайт. Биздин журналисттин окуясы бийликтин көз карандысыз ЖМКларды жана өлкөнүн жарандарын коркутууга, кыргызстандыктардын альтернативдүү маалымат алуу укугун чектөөгө багытталып жатканынын дагы бир мисалы экенине бекем ишенем”.

Маалыматты журналисттин жакындары да ырастап, Зыягүлдү УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук мекемесине алып кетишкенин билдиришти.

Жергиликтүү журналисттер УКМКнын аймактык бөлүмүнө барып, атайын кызматтан маалымат ала алышкан жок.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, укук коргоо кызматкерлери тинтүүдөн кийин Зыягүлдүн ноутбугун жана смартфонун алып кетишкен.

25 жаштагы Зыягүл Ош мамлекеттик университетинин журналистика адистигинде билим алган. Буга чейин Оштогу T-Media телеканалында иштеген, жакындан бери Kloop басылмасынын Оштогу кабарчысы болуп эмгектенип жаткан.

Зыягүлдүн апасы Нурипа менен байланышканыбызда ал “Азаттыкка” учкай гана маалымат берип, калган жагдайлар тууралуу кабарсыз болуп жатканын айтты:

“Бир нече күн мурда УКМКдан деген адамдар кыздын эмес, атасын, менин күйөөмдү издеп жатканын уккан элек. Кызыма “сен жакшы эле иштеп жатасыңбы?” десек, “ооба, баары жакшы эле” деген... Ошо менен тынчып калды эле. Анан эки күн мурда келиним төрөп, мен Бишкекке келдим эле. Бүгүн эртең менен эле кошуналар чалып, үйүңөрдү УКМК текшерип жатат дешти. Таңкы 9да киришиптир, үйдө эки кызым эле бар эле. Кызымдын телефондорун өчүрүп, үйдүн бардыгын текшериптир. Милиция аркылуу сүйлөштүрүп койгулачы десек “суракка алып кетип жатабыз” дешти. Үйдүн баарын чачып, жууркан-төшөк, сандык, айтор, бардык нерсени тинтип чыгышыптыр. Анан ноутбугун, телефонун, документтерин алып кетиптир”.

Kloop басылмасы мунун артынан эле маалымат таратып, алардын Бишкектеги кызматкерлери да кармалып жатканын кабарлады. Түшкө жуук медианын Бишкектеги оператору Александр Александровдун үйүндө тинтүү жүрүп, анын өзүн УКМКга суракка алып кеткен. Ага да мунун себептери түшүндүрүлгөн эмес.

Александров Kloopбасылмасында бир нече жылдан бери видео оператор жана фото кабарчы болуп иштеп келген. 28 жаштагы кызматкер өзү да материал жазып, жаш журналист-операторлорду окутуп жүргөн.

Мындан сырткары медианын дагы бир журналисти Айдай Эркебаева, басылмада мурда иштеп кеткен Зара Садыгалиева да атайын кызматта суракка жеткирилген.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда Kloop Media коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын “Kloop” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган арызы себеп болгон.

Учурда Кыргызстанда Kloop басылмасынын сайты бөгөттөлгөн.

Kloop басылмасын жабуу, эл аралык уюмдардын баасы

Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы Kloop Media коомдук фондун жоюу боюнча акыркы чечимин кабыл алганы былтыр 29-августта белгилүү болгон. Ага ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун фондду жоюу тууралуу өкүмү өзгөрүүсүз калтырылган. 16-июлда эле чыккан чечим басылманын юристтерине бир айдан кийин гана белгилүү болгон.

Басылманын негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Жогорку соттун чечими "күтүлгөндөй болгонун" айткан.

"Биз чындыгында башка эч нерсе деле күткөн эмеспиз. Эч нерсеге карабай Kloop иштей берет. Ликвидациялоо боюнча сот жараяндары жүрүп жаткан маалда социалдык тармактарда колдонуучуларыбыздын саны өстү. Бир кыргызстандык окуса да биз ири иликтөөлөрдү, калыс каралган жаңылыктарды жана курч макалаларды жарыялоону уланата беребиз", - деген Тухватшин.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети кыргыз сотунун чечимин айыптаган билдирүү таратып, эркин медианын жабылышын "Кыргызстандын тарыхындагы кара так" деп атаган.

"Эл аралык сыйлыктарга татыган, журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Kloop басылмасынын күчтөп жабылышы узак жылдардан бери Борбор Азиядагы эркин медианын чордону катары саналган Кыргызстандын бүгүнкү тарыхындагы кара так", - деген уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид.

Ал Кыргызстандын бийлигин эркин журналисттерге жасаган "репрессивдик багытынан" баш тартып, Kloop жана башка медиага эркин иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырган.

Тухватшин былтыр окутябрь айында президент Садыр Жапаровго кайрылып, басылманын жабылышы жөнүндөгү пикирине жооп кайтарган. Ал Kloop медиасы Жапаровду оппозицияда жүргөн учурундагы ишмердигин чагылдырып келгенин эске салып, эми соттун негизсиз чечими менен жабылганын билдирген.

Ринат Тухватшин
Ринат Тухватшин

Тухватшин дегеле Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөгөнүн айтып, өзү түптөгөн медиа азыр дагы президенттин ишмердигин калыс чагылдырып жатканын белгилеп, саясий кырдаал өзгөрүп “кайрадан куугунтукка кабылсаңыз, аны дагы калыс чагылдырабыз” деген.

3-сентябрда президент Садыр Жапаров Kloop Media басылмасынын жабылышы боюнча “Кабар” маалымат агенттигине комментарий берип, бул сөз эркиндигине эч кандай таасирин тийгизбей турганын айткан. Жапаров Kloop басылмасынын иликтөөлөрүн бир жактуу, каралоо” деп баалаган.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Биз 30 жылдан бери анархияны демократия, ушак-айыңды сөз эркиндиги деп алмаштырып алганбыз. Азыр эми ошол оорулардан коомчулук айыгып жатат. Бизде сөз эркиндиги болгон жана боло берет. Болгону чындыкты чындыктай айтып турса, ким болбосун баарын колдой беребиз. Анархия, ушак-айың, жалган маалыматтарды таратуу - бул сөз эркиндиги эмес. Иликтөөлөрдү бир жактуу, бирөө жарымды каралоо максатында жүргүзгөнү үчүн жаап жатса керек да. Соттор деле жөндөн-жөн чечим кабыл албаса керек. Далай жолу өзүңөр деле көрбөдүңөрбү бир жактуу каралаган, жалган материалдарды таратканын”, - деген болчу Жапаров. Президент Жапаров “эки жактуу иликтөөлөрдү жасагандарды колдойбуз” деп кошумчалаган.

Kloop Media: Журналисттердин мектеби, жигердүү жаштар

Kloop 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Медиа жаш журналисттерди окутуп, алгачкы тажрыйба алган мектеп катары дагы белгилүү.

Kloop медиасынын орус тилиндеги сайты 2023-жылдын 12-сентябрынан тартып жабылган. Ага “Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды” деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал “чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп, Маданият министрлигине кайрылган.

Министрлик 2023-жылы ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу “фейктер жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде Kloop басылмасынын кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн.

Kloop өзү соттун чечимдерине макул эмес экенин билдирип келет.

"Клооп" - коомдун керегине жараган жаштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:37 0:00
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG