Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:10

Пакистанда балдардын шал оорусуна каршы эмдөө учурунда полициянын кызматкери окко учту


Балдардын шал оорусуна каршы эмдөө кампаниясы. Пакистан, 26-май 2025-жыл
Балдардын шал оорусуна каршы эмдөө кампаниясы. Пакистан, 26-май 2025-жыл

Пакистандын Балучистан провинциясында балдардын шал оорусуна (полиомиелит) каршы эмдөө өнөктүгү маалында полиция кызматкери окко учту. “Машал” радиосу жазганына караганда, медициналык кызмактерлер үймө-үй кыдырып, балдарды эмдеп жатканда куралчан адамдар кол салган. Алардын коопсуздугун адатта полициия камсыздайт.

Медиктерден эч ким жабыркаган жок, ок атуу үчүн жоопкеричликти эч ким өзүнө ала электиги маалымдалды.

Балдардын шал оорусуна каршы вакцинацияга катышкан топтор көп учурда согушкерлердин кол салууларына туш болот. Ал аймакта Пакистандагы талибдер жана “Ислам мамлекети” террордук уюму активдүү.

The Dawn гезити президент Асиф Али Зардари кан төгүүнү айыптаганын жана өнөктүккө катышкан адамдарга балдардын ден соолугун кооптуу дарттан коргоп жатканы үчүн ыраазычылыгын айтканын жазды.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, 1-июнга чейинки өнөктүктө 45 миллиондой жеткинчек эмделмекчи. Бу ишке 400 миң медициналык кызматкер тартылган.

Пакистан менен Ооганстан полиомиелит оорусу жоюла элек өлкөлөр.

Ал жерлерде эмдөө өнөктүгү каршылык менен коштолуп келет. Экстремисттер вакцинация жергиликтүү балдарды "тукумсуз кылууну көздөгөн" Батыштын планы деп элдин башын айлантышат.

Балдардын шал оорусу - кооптуу жана өлүмгө алып келүүчү жугуштуу илдет. Айыктыруучу дары жок болгондуктан, эмдөө балдарды коргоонун бирден-бир коопсуз жана натыйжалуу жолу болуп саналат.


Шерине

XS
SM
MD
LG