Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Президент Жапаров Бакиев, “Капитал банк” боюнча түшүндүрмө берди


Шейшембиде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Капитал банкка”, учурда Беларуста жашаган, 2010-жылы Кыргызстанда бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевге байланышкан сөздөр боюнча "Кабар" агенттигине комментарий берди.

“Капитал банк” мамлекеттин, тагырагы, Каржы министрлигинин көзөмөлүндө иштейт. Тапкан пайдасы 100% мамлекетке түшөт. Ошондуктан ар кандай имиштерге ишене бериштин кажети жок", - деп айтты Жапаров.

Мамлекет башчы “Керемет банкка” Орусияга жардам берет деп санкция салынганын эске салып, рубль менен бир эле “Капитал банк» иштейт деп аныкталганын кошумчалады.

Жапаров “Ширшов менен Бакиевден корккондор ушундай жалган ушактарды тарата беришет. Аларга ишенүүнүн кереги жок», - деп айтты.

Андан ары улантып, Бакиев Кыргызстанга кайтып келсе, кайрадан соттук териштирүү башталарын кайталады. "Бир жагында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, экинчи жагында Бакиев отурат дагы, соттук териштирүүлөр болот. 15 жыл мурда болгон жашыруун сырлардын баары ачылат эле”, - деп айтты Жапаров.

16-апрелде Молдовадагы IPN маалымат агенттиги “Капитал банк” жана ага молдован тектүү орус олигархы Илан Шордун байланышы тууралуу маалымат жарыялаган.

Анда АКШ Кыргызстандын “Керемет банкына” санкция салгандан үч айдан кийин “Капитал банк” санкцияга илинген орусиялык компаниялар, анын ичинде “Орусиянын аскердик банкы” деп эсептелген “Промсвязьбанк” менен иштешкен негизги каржы мекемеси болуп калганы жазылган.

IPN маалымат агенттиги Интерпол аркылуу издөөгө алынып, АКШнын санкциясына кабылган Илан Шор жана A7 фирмасы, “Борбор Азиянын Капитал банкы” Орусиянын армиясын курал-жарак менен камсыз кылган кытайлык компаниялардын ортосунда финансылык операцияларды уюштуруп жатканын билдирген. Бул схемага Алексей Ширшов, Игорь Гойхмандардын да тиешеси бар экени айтылат.

2025-жылдын 15-январында АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, “Керемет банкка” да санкция салган. АКШ “Керемет банктын” расмий өкүлдөрү 2024-жылдын жай айларынан бери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турган” деп айыптаган.

“Керемет банк” мындай чечим боюнча АКШнын Каржы министрлигине даттануу жолдогонун билдирген.

“Керемет Банктын” тарыхы Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык “АзияУниверсалБанкка” барып такалат. Улуттук банкка өткөндөн кийин беш-алты жыл ортодо арсар абалда турган банктын 97,45% акциясын 2024-жылы март айында Финансы министрлиги сатып алган.

Ал эми маркум Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнө таандык “Капитал банк” 2024-жылы мамлекетке алынган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Чыныбай Турсунбеков 2010-жылы Максим Бакиевге тиешелүү “Акылинвестбанкты” рейдерлик жол менен тартып алып, атын “Капитал банк” деп өзгөртүп койгонун айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG