Орусияга каршы киргизилген санкцияларды кыйгап өтүү учурларынын 80% Кытай жооптуу. Бул тууралуу немис Тышкы иштер министрлигинин жабык докладында айтылганын германиялык бир катар маалымат каражаттары жазышты.
Документ Европа кеңешинин тышкы маселелер боюнча 20-майда өткөн жыйынынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн. Жыйында Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү жана буга чейин кабыл алынган чаралардын натыйжалуулугу талкууланган.
Докладда айтылгандай, Еврошаркет санкциялар орус экономискасына чоң таасир тийгизди деп эсептейт, көмүскө флот менен күрөштө ийгиликтерге жетишилди.
Биримдиктин санкциялар боюнча комитетинин башчысы Дэвид О'Салливан көмүскө флот пайдаланган Түркия, Индия жана Малайзиядагы портторго жазалоочу чараларды киргизүү маселесин карап көрүүнү сунуш кылды.
Брюссел үчүнчү өлкөлөр, атап айтканда Армения, Сербия, Өзбекстан жана Индия аркылуу Орусияга ташылган кош максаттагы товарды экспорттоону чектөө жаатында «айрым ийгиликтерге» жетишти деп эсептейт. Ошол эле маалда Казакстан, Араб Эмираттары жана Түркия менен дагы деле кыйынчылыктар бардыгы белгиленет.
Докладда айтылгандай, Еврошаркет Орусияга каршы санкцияларды кыйгап өтүү маселесинде АКШсыз иш алып барууга тийиш. Тиешелүү сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан эмес.
О'Cалливан Еврошаркет менен Кошмо Штаттар санкциялык режим маселесин чогуу талкуулабаганын, ал эми "Чоң Жетинин" жаңы чектөөлөр боюнча кызматташтагы «динамикасын жоготуп койгонун» айтты.
Шерине