Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:24

Путин Zoom жана Microsoft өңдүү IT сервистерди "муунтууга" чакырды


Орус президенти Владимир Путин өлкөнүн рыногунан кетерин жарыялап, бирок дагы деле Орусиядан киреше таап жаткан IT сервистерди муунтууга чакырды.

«Уялбай эле аларды муунтуу керектигин айтып жатам, себеби алар бизди муунтууга аракеттенүүдө, биз аларга жооп кайтарышыбыз керек. Биз эч кимди кууган эмеспиз, тоскоол кылган эмеспиз, жагымдуу шарт түзгөнбүз. Алар болсо бизди муунтууга аракеттенип жатат», - деп айтты Путин дүйшөмбүдө ишкерлер менен жолугушууда.

Анын алдында Iva Technologies компаниясынын башкы директору Станислав Иодковский “Орусиядан кеткен Zoom жана Microsoft өңдүү сервистердин ишин бир аз чектөөнү” суранган.

Президент орусиялыктардын Батыштын программалары менен сервистерге “байланганын” “зыяндуу адат” деп атады жана Орусиядагы кардарларды алардан арылтууну талап кылды.

Мындан тышкары Путин чет элдик маркетплейстерге көңүл бурууга, орусиялык эмес, чет өлкөлүк жабдыктарды колдонуу жолдорун бууп салууга чакырды.

Орус президенти "Макдональдс" ресторандарынын ордуна пайда болгон "Вкусно - и точка" тамактануу жайына барып кетерин айтты.

Москва Украинага кол салгандан бери жүздөгөн эл аралык компаниялар нааразылык иретинде Орусиядан чыгып кеткен, дагы көптөгөнү ал өлкөдөгү ишмердигин чектеген.

Согуштан улам Батыш Орусияга санкцияларды салган.



Шерине

XS
SM
MD
LG