Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:21

Бишкекте Айтматов көчөсүндөгү "кызыл чектен" өтүп кеткен үйлөрдүн дубалдары бузула башталды


Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде "кызыл чектен" өтүп кеткен деп табылган үйдүн бузулган дубалы, 26-май, 2025-жыл
Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде "кызыл чектен" өтүп кеткен деп табылган үйдүн бузулган дубалы, 26-май, 2025-жыл

26-майда Бишкек шаарынын мэриясы баш калаанын Чыңгыз Айтматов проспектисинде президенттин администрациясынын “Ынтымак ордо” имаратына жакын жайгашып, “кызыл чектен” өтүп кеткен деп табылган айрым турак жайлардын дубалдарын сүрдүрө баштады.

Тургундар курулушка уруксат кагазы бар экенин айтып, кенемте төлөп берүү маселеси чечилбегенин билдирүүдө. Алар мэриянын кызматкерлерине каршылык билдирип, короолорун буздурбаганга аракет кылышты. Жеринде милиция кызматкерлери көз салып турат.

Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев буга чейин тургундарга эскертүү берилгенин, алардын "айрымдары гана каршы болуп жатканын" айтты.

“Буга чейин тургундар менен 3-4 мерте жолугушуу өткөргөнбүз. Аларга жакында жол кеңейтилерин, "кызыл сызыктагы" курлуштардын баары бузуларын түшүндүргөнбүз. Биз аларга Көк-Жардан жер тилкелерин алмашуу жагын дагы сунуштадык. Айрым мыйзамды сыйлаган жарандар өздөрү эле "кызыл чектен" чыгып кеткен короолорун бузуп, жаңылап алышты. Кээлери жөн эле качан мамлекет кенемте төлөп берет деп күтүп отурушту. Алар сураган кенемте, алар койгон баа Майамиде дагы жок. Бул жерде айрымдары жарым сотых, эң чоңу 2 сотых тилке. Алар сотыхына 100 миң доллар деп айтып жатышат. Бул реалдуу баа эмес”, - деди Ырсалиев.

Ошондой эле вице-мэр Киргизия конушундагы 66 үйдүн 26сынын ээси менен тил табыша албай жатышканын, калгандары менен макулдашуу болгонун кошумчалады.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев буга чейин Чыңгыз Айтматов проспектисин кеңейтүү ишинин алкагында Киргизия конушундагы 66 үйдүн дубалынын бир бөлүгүн бузуу пландалып жатканын билдирген. Кийин алардын айрымдары буздурула баштаган.

Конуштун тургундары мэриянын аракетин "мыйзамсыз" деп баалап, жеке менчик укугу бузулуп жатканын билдирип чыгышкан.

Буга чейин шаар бийлиги үйдүн ээлерине Бишкектен азыр жашап жаткан жерине тете жер берилерин, кыймылсыз мүлкүн каттоодон өткөн атайын компаниялар баалап, базар баасында эсептелип, кенемте төлөнөрүн билдирген.

Мэрия Чыңгыз Айтматов проспектиндеги автоунаа жолун кеңейтип, алты тилкелүү трасса куруп, четине велосипед тепкендер үчүн өзүнчө жол жана тротуар салып жатат.

Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулуп, анын ордуна салынган “Ынтымак ордо” деп аталган президенттин администрациясы 2024-жылы август айында ишке берилген. Азыр мамлекет башчы жана анын аппараты ушул имаратта иштейт. (AbA)

Шерине

XS
SM
MD
LG