Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:09

Трамп ЕБден келген товарларга 50% тариф киргизүү планын июлга жылдырды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Европа Биримдигинен келген товарларга 50% тариф киргизүү планын 9-июлга чейин токтотту.

Ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына мындай чечимди Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен сүйлөшкөндөн кийин кабыл алганын билдирди.

"Бүгүн мага Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен чалды жана 1-июндан тартып 50% тариф киргизүү мөөнөтүн узартууну суранды. Мен мөөнөттү 9-июлга чейин жылдырууга макул болдум", -деп жазды Трамп.

Өз кезегинде Урсула фон дер Ляйен Х соцтармагындагы баракчасына Трамп менен "жакшы сүйлөшүү" болгонун кабарлады.

"Европа чукул жана чечкиндүү сүйлөшүүлөргө даяр. Жакшы макулдашууга жетүү үчүн бизде 9-июлга чейин убакыт бар",-деди Еврокомиссиянын төрайымы.

Дональд Трамп 5-апрелден тарта АКШнын дээрлик бардык соода өнөктөштөрүнө жаңы бажы төлөмдөрүн киргизерин жарыялаган.

Еврошаркеттен импорттолгон товарларга 20% тариф кирерин билдирген. Бул кадам АКШнын соода саясатынын жаңы, агрессивдүү багытын көрсөтүп, глобалдык экономикалык алакаларга олуттуу таасир тийгизет деп болжолдонуп жатат.

Кошмо Штаттарынын президенти көп өтпөй, 9-апрелде 75тен ашык өлкөгө бажы төлөмдөрүн киргизүүнү 90 күнгө жылдырганын жарыялаган. Кытайга болсо бажы төлөмдөрүн 125% чейин көтөргөн. Буга расмий Бээжин жооп кылып, АКШдан импорттолуучу товарларга бажы төлөмдөрүн 125% чейин жогорулатарын жарыялаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG