Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:13

Израил Хан-Юнисте тогуз баланын өмүрүн алган чабуулду иликтеп жатканын билдирди


Израил он күндөй мурда Газа тилкесинде ХАМАСка каршы ири чабуул баштаган.
Израил он күндөй мурда Газа тилкесинде ХАМАСка каршы ири чабуул баштаган.

Израилдин армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис районунда тогуз баланын өлүмү менен коштолгон чабуулду иликтеп жатканын билдирди.

Өткөн ишембиде, 24-майда бул райондогу турак жайга сокку урулган. АКШ менен Европа Биримдиги террордук деп тааныган ХАМАС уюму мерт кеткен балдардын баары бир туугандар болгонун, ата-энеси экөө тең жергиликтүү дарыгерлер экенин билдирген.

Балдардын сөөгү урандылардын алдынан табылган жана айрымдары таанылгыс болуп күйүп калган. Атасы он жашар бир уулу менен оор абалда ооруканага жеткирилди.

Израилдин армиясы Хан-Юниске сокку урганын расмий ырастаган жана "айрым шектүүлөр бутага алынганы" билдирген. Бул район "согуштук аракеттер болуп жаткан опурталдуу аймак" болуп калганын, жайкын тургундар арасындагы жоготуулар тууралуу маалыматтар териштирилип жатканын кабарлаган.

Өткөн дүйшөмбүдө ЦАХАЛ Хан-Юнистен жарандарды эвакуацияланышы керектигин билдирген.

Израилдин армиясы мындан он күн мурда Газа тилкесинде ХАМАС кыймылына каршы ири чабуул баштаган. Операциянын максаты туткундардын баарын бошотуу, тилкедеги стратегиялык райондордун баарын ээлеп алуу экенин билдирген.

Ошондон берки чабуулдарда жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылганы кабарланууда жана бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Израил март айында эки айлык ок атышууну токтотуу келишими үзгүлтүккө учурагандан кийин Газаны блокадада калтырган. Ошондон бери бул тилкеге дээрлик күн сайын сокку урулууда. Андан тышкары аймактагы 2 миллионго чукул адамга гуманитардык жардам, анын ичинде азык-түлүк, дары-дармек киргизилбей калды.

Согуш 2023-жылдын 7-октябрында "хамасчылар" Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган.

Барымтадагылардын көбү ок атышууну токтотуу келишимдеринин жана башка сүйлөшүүлөрдүн негизинде бошотулган. Бирок ХАМАС дагы эле 59 кишини туткунда кармап турат жана алардын айрымдары мерт болгон болушу мүмкүн.

Израилдин жооп иретинде баштаган аскердик чабуулдарынан 53 миңден ашуун газалык каза болгонун тилкенин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG