Орусиянын Швециядагы элчилигинин короосуна белгисиз бирөөлөр дрон менен боёк куюлган айнек идиш ташташканын 25-майда элчилик билдирди.
Мекеменин Telegram каналына чыккан маалыматка караганда, элчиликтин үстүнөн учуп өткөн учкучсуз учак боёкту элчиликтин кире беришине жакын жерге таштаган.
Элчилик кызматкерлер арасында жабыркагандар бар же жогун тактаган жок, бирок айнек идиш бийиктен ыргытканда сынып, зыяны тийиши толук мүмкүн болгонун белгилеп, муну "цинизм" деп атады.
Мындай окуя биринчи жолу болуп жатпаганын белгилеген элчилик жоопкерчилик толук бойдон Швеция бийлигинде экенин кошумчалады. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова дүйшөмбү күнү Швеция нааразылык нотасын аларын айтты.
Акыркы жолу ушул сыяктуу окуя болгону 15-апрелде кабарланган. Анда "мындай мүнөздөгү окуя 11-жолу катталып жатканы" айтылган.
Швеция 2022-жылдын февралынан бери Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшүп жаткан Украинага жардам берип келаткан Европа өлкөлөрүнүн бири. (RK)
Шерине