Кыргызстандагы жашоонун сапаты былтыркыдан бери 2,7 упайга жогорулады, бирок дагы деле “өтө төмөн” бойдон калды. Numbeo эл аралык агенттигинин май айындагы изилдөөсү боюнча, сегиз көрсөткүч менен талдаганда Кыргызстандагы жашоонун сапаты 99,09 упай менен “өтө төмөн” деп бааланды.
2024-жылдын соңундагы индекс 96,79 упай болчу.
“Жашоо сапатынын индекси” дүйнөнүн 234 өлкөсүндөгү жана аймактарындагы жашоо-турмуштун сапатын сегиз көрсөткүч боюнча баалайт:
- Сатып алуу жөндөмдүүлүгү (упайы канча жогору болсо, ошончо жакшы);
- Айлана-чөйрөнүн булганышы (упайы канча төмөн болсо, ошончо жакшы);
- Турак жайдын жеткиликтүүлүгү (упайы канча төмөн болсо, ошончо жакшы);
- Турмуш-тиричиликтин баасы (упайы канча төмөн болсо, ошончо жакшы);
- Коопсуздук (упайы канча жогору болсо, ошончо жакшы);
- Саламаттык сактоонун сапаты (упайы канча жогору болсо, ошончо жакшы);
- Жолго коротулган убакыт (упайы канча төмөн болсо, ошончо жакшы);
- Климат (упайы канча жогору болсо, ошончо жакшы).
2025-жылдын 12-майында жаңыланган маалыматка ылайык, Кыргызстандагы жашоонун сапаты төмөнкүдөй бааланган:
Көрсөткүчтөр | Упай | Баалоо |
Сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн | 40.92 | Төмөн |
Коопсуздук | 48.00 | Орточо |
Саламаттык сактоо | 57.48 | Орточо |
Климат | 58.11 | Орточо |
Турмуш-тиричиликтин наркы | 26.32 | Өтө төмөн |
Турак жайдын жеткиликтүүлүгү | 15,01 | Жогору |
Жолго коротулган убакыт | 37.00 | Орточо |
Айлана-чөйрөнүн булганышы | 71.25 | Жогору |
Борбор Азия чөлкөмүндө "Жашоо сапаты" индекси боюнча Өзбекстандын упайы 135.99, Тажикстандыкы 116.28, Казакстандыкы 105.29 жана Түркмөнстандыкы 102.46 болгон.
"Жашоо сапаты" жогору өлкөлөргө Люксембург (230.08), Нидерланд (215.79), Дания (214.10), Швейцария (210.80), Финляндия (207.30) сыяктуу өлкөлөр кирет.
Numbeo – жашоонун баасы боюнча дүйнөдөгү ири маалымат базасы. Ал калкка ушундай маалыматтарды берүү менен жеке адамдарга жана уюмдарга орун которуу, жол жүрүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр үчүн негиздүү чечим кабыл алууга жардам берерин билдирет.
Кыргыз өкмөтүнүн расмий маалыматы боюнча, өлкөдө жашоо деңгээли айрым көйгөйлөргө карабастан жогорулоодо. Орточо айлык акы 2021-жылы 20 миң сомдун тегерегинде болсо, 2024-жылдын жыйынтыгы менен 36 миң сомго жетти. Жан башына бюджеттик киреше 2020-жылы 23 миң сомдой болсо, 2024-жылы 58 миң сомго жакындады. Жакырчылык деңгээли 2021-жылы 33,3% болгон, ал эми 2023-жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч, Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 29,8% болгон.
Шерине