Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:37

Виктор Януковичтин мурдагы кеңешчиси Испанияда киши колдуу болду


Мадрид, 21-май, 2025-жыл.
Мадрид, 21-май, 2025-жыл.

Испаниянын баш калаасы Мадридде Украинанын экс-президенти Виктор Януковичтин мурдагы кеңешчиси жана анын администрация башчысынын орун басары Андрей Портнов киши колдуу болду. Бул тууралуу El Pais жана Reuters агенттиктери жазды.

"Азаттыктын" украин кызматынын Киевдеги ишенимдүү булактары бул маалыматты ырастады.

Полицияга жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат тогузда кабар келип түшкөн. El Pais басылмасы Портновго беш жолу ок атылганын жазды. Украин кызматына ишенимдүү булактар окуя Портнов балдарын мектепке алып келген учурда болгонун айтып берген.

Полиция алдын ала маалыматтарга таянып, Портновго белгисиз эки же үч адам ок чыгарганын билдирди. Ал анын артынан башына тийген октон каза болгону кабарланды.

Андрей Портнов Януковичтин администрациясынын кеңешчиси, андан кийин жетекчинин орун басары болгон.

2018-жылы орусиячыл NewsOne телеканалын жетектеген. 2021-жылдын декабрында АКШ ага санкция салган.

Виктор Янукович 2010-2014-жылдары Украинанын президенти болгон. 2014-жылы Майдандагы оппозициялык толкундоодон кийин өлкөдөн качып кеткен. Бул Орусиянын Крымды аннексиялап алышына жана Донбасста жаңжалдын тутанышына түрткү болгон.

Украинада Янукович мамлекетке чыккынчылык жана башка кылмыштар үчүн айыпталып, сыртынан 13 жылга эркинен ажыратылган. Ушул тапта ал Орусияда жашайт деген маалымат бар. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG