Украинанын Сумы облусундагы аскердик полигонго болгон Орусиянын чабуулунан алты адам каза болду. Бул тууралуу Украинанын Улуттук Гвардиясы билдирди. Маалыматка караганда, алты адам каза болуп, ондон ашыгы жаракат алды.
Украина тараткан маалыматта чабуул качан болгону айтылган эмес.
Орусиянын Коргоо министрлиги 20-майда Сумы облусунун Шостка айылына “Искандер” ракеталык комплексинен сокку урулганын кабарлады. Мекеме тараткан маалыматта ал жерде Украинанын куралдуу күчтөрүнүн бригадасы үчүн машыгуу лагери болгону жана ал соккунун натыйжасында 70ке жакын аскер каза болгону айтылат.
Сумы аймактык аскер башкармалыгы 21-майга караган түнү Орусия Украинанын 35 калктуу конушуна 120дан ашуун чабуул жасаганын билдирди.
Сумы жана Шостка шаарлары эң көп бутага туш болду. Шостка шаарында ракета соккусунан жети турак үй жана бала бакча имаратына зыян келтирилди.
Согуш учурунда тараптардын маалыматын көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес. (AiA)
Шерине