Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында Руслан Мукамбетовду Кыргызстандын коргоо министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселеси каралды. Анын талапкерлиги боюнча маалыматты президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди. Чечимди 67 депутаттын 66сы колдоду.
15-майда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Руслан Мукамбетов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
54 жаштагы Мукамбетов буга чейин Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси болуп турган. Ал Куралдуу күчтөрдүн Түштүк-батыш ыкчам командачылыгынын командири да болгон.
Мурдагы коргоо министри Бактыбек Бекболотов ошол эле күнкү президенттин жарлыгы менен кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалган.
Президент Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2021-жылдан бери аркалап келген Марат Иманкуловду мамлекеттик катчы кылып дайындаган. Мурдагы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов "жаңы адамдарга орун бошотуу үчүн өз эрки менен кызматынан кетип жатканын" билдирген. (ErN)
Шерине