Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:46

ЖК: Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрин ИИМге берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште 21-майда Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрин прокуратурадан ИИМге өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору дароо үч окууда добуш берүүгө коюлуп, колдоо тапты.

Президент Садыр Жапаров 16-майда “Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө” жарлыкка кол коюп, бул бул система Башкы прокуратурадан Ички иштер министрлигине өткөн.

Министрлер кабинетине буга байланыштуу бир жуманын ичинде Жогорку Кеңешке тиешелүү укуктук актылардын долбоорун киргизүүнү тапшырган.

Жарлыкта мындай өзгөрүү “мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында” жасалганы белгиленген.

Өлкөдө Кылмыштардын жана тартип бузуулардын бирдиктүү реестри 2018-жылдан тарта киргизилген жана аны көзөмөлдөө Башкы прокуратурага берилген.

Ошол кездеги бийлик өкүлдөрү бул система тергөөчүлөр менен укук коргоо органдарына гана эмес, катардагы жарандарга да арыздын каралышы, тергөөнүн жүрүшү, сотто кабыл алынган чечим тууралуу маалыматтарды көрүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG