Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус жарандыгын алган 20 миңдей мигрантты "тутуп алып" Украинадагы согушка жөнөтүшкөнүн билдирди. Ал бул тууралуу 20-майда Санкт-Петербургдагы эл аралык юридикалык форумда айтты.
Бастрыкин аталган комитеттин кызматкерлери Орусиянын Ички иштер министрлиги жана Росгвардия менен бирге бул өлкөнүн жарандыгын алган, бирок аскердик каттоого турбаган чет өлкөлүктөрдү "тутуп алуу" максатында такай рейддерди өткөрүп жатканын маалымдады.
"Биз мындай орус жарандыгын алган 80 миңдей адамды кармап алдык, алар майдан мындай турсун, аскер комиссариаттарына да баргысы келбейт. Биз эмнегедир Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда жашагысы келбеген мындай 20 миңдей Орусиянын "жаш" жаранын майданга жөнөттүк ,-деди Бастрыкин.
Буга чейин "Азаттык" Орусиянын Украинага каршы согушунда теги кыргызстандык кеминде 70 киши набыт болгонун аныктаган. Алардын 38и Кыргызстандын жараны. Калганы теги кыргызстандыктар. 10 адамдын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болгон.
Бул согушта дагы канча кыргызстандык жүргөнү, канчасы майып болгону тууралуу так маалымат жок.
Шерине