Израил Газадагы операциясын кеңейтти
19-майда Хан Юнистеги качкындар лагерине тийген соккудан кийин Нассер ооруканасы кайрадан жарадарларга толуп калды.
Мурунку күнкү соккудан Газанын саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, 100дөн ашуун киши каза тапкан, ондогон адам жараат алган, бир нече чатырды өрт чалган.
Министрликтин басма сөз катчысы Халил ал-Деркан "Рейтер" агенттигине билдиргендей, “түнкү бомбалоодон бүтүндөй үч-бүлөлөр жок болду”.
"Балдардын курсагы ачка, эптеп камыр менен буурчак берип келдик. Эртең менен ойгонгондо эле бүгүн эмне менен курсактарын тойгузам дейм. Эми болсо ракеталарды жаадырышты. Биз террорист эмеспиз, ракетабыз жок. Жайкын кишилербиз, тынч жашагыбыз келет. Жардамы да, тамак-ашы да, суусунун да кереги жок. Кудай турат, тынчтыкты гана каалайбыз", - деп айтып берди Самия ал-Казас аттуу газалык аял.
Акыркы бир жумада 464 палестиналыктын каза тапканы кабарланган.
Израил бул маалыматтарга байланыштуу комментарий жасай элек.
Жекшембиде Израилдин куралдуу күчтөрү (ЦАХАЛ) анклавдын түндүгү менен түштүгүндө “жерде ири масштабдагы операциясын баштаганын” жарыялаган. Аскерлердин айтымында, 24 саатта “ондогон террорист жок кылынды, террордук инфраструктуранын жайлары кыйроого учурады”.
Эффи Дефрин, Израил армиясынын маалымат катчысы Газада"көзөмөл күчөтүлөрүнө" токтолду:
"Биз бул операцияны баштоо менен Газадагы аскердик максаттарга жетүүнү: барымтадагыларды бошотуу, ХАМАСтын жетекчилигин жок кылууну көздөйбүз. Окуялардын түрдүү нукта өнүгүүсүнө даяр турабыз... Операциянын жүрүшүндө Газада аскердик көзөмөлдү күчөтөбүз, тилке-тилке кылып бөлүп, калкты коргоо үчүн кармаштар жүргөн жерлерден аларды көчүрөбүз".
Дүйшөмбүдө премьер-министри Биньямин Нетаньяху Израил бүт анклавды көзөмөлгө алып, хамасчылардын гуманитардык жардамды талап-тоноосун алдын алуу аракеттерин көрөрүн билдирди.
Анын алдында Нетаньяху чектелүү көлөмдөгү гуманитардык жардамды өткөрүү чечимин жарыялаган. Өкмөт башчынын кеңсеси жасаган билдирүүдө элди ачарчылыкка кептеп салбаш үчүн азык-түлүктүн “базалык” көлөмү жеткирилери айтылып, бирок блокада качан алынары такталган жок.
Ок атышууну токтотуу келишими бузулган 2-марттан бери Газага дээрлик күн сайын сокку урулууда. Андан тышкары аймактагы 2 миллионго чукул калкка гуманитардык жардам, анын ичинде азык-түлүк, дары-дармек киргизилбей калды.
БУУнун агенттиктери Израил гуманитардык жардамды бөгөттөй баштагандан бери анклавдагы абал кескин начарлаганын, газалыктар ачарчылыктын алдында турганын эскертип келатышат.
Газада "демографияны өзгөртүү аракети жүрүп жатат" деген таасир калат.
16-майда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсесинин басма сөз катчысы Жереми Лоуренс Газада чабуул күчөгөн сайын кырдаал начарлап баратканын белгиледи:
"Бүтүндөй конуштарды жер менен жексен кылуу, гуманитардык жардамдын жеткирилбей жатышы эл аралык мыйзамдарга карабай, Газада "демографияны өзгөртүү аракети жүрүп жатат" деген таасир калтырат.
Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк мындай кырдаалды "этностук тазалоого тете" деп атады... Биз бул апаатты азыр токтотушубуз керек".
Жекшембиде Италия парламентинин депутаттары жана ал өлкөнүн Еврошаркеттеги өкүлчүлүгүнүн айрым мүчөлөрү бейөкмөт уюмдардын, журналисттердин коштоосунда Рафах чек ара өткөөлүнүн Египет тарабында согушту токтотуу, гуманитардык блокаданы алуу талабы менен нааразылык акциясын өткөрүштү.
"Азыркы кырдаалга европалык лидерлер да жооптуу, себеби алар Биньямин Нетаньяхуну токтотушпайт. Алардын колунда механизмдер бар, бирок колдонушпайт. Бул кыргынды токтотуу үчүн зарыл чараларды көрбөй жатышат", - деп айтты Италия парламентинин төмөнкү палатасынын мурдагы спикери Лаура Болдрини.
Израилдеги акция:
17-майда Израилде Газадагы согушуту токтотууну жана барымтадагыларды үйлөрүнө кайтарууну талап кылган кезектеги акция болду. 18 айдан ашуун уулу барымтада отурган Эйнав Зангаукер алардын билдирүүсүн окуп берди:
"Нетаньяху бизди эч кереги жок саясий согуштун сазына батырып жатат. Ал барымтадагылар менен аскерлерибиздин өлүмүнө гана алып келет. Дохага сүйлөшүүлөргө делегация кеткени маалымдалды. Ошол делегация менен премьерге кайрылам: Силердин бир эле мандатыңар бар, барымтада отургандарды кайтарып, ушул каргашалуу согушту токтотуу жөнүндө мунаса тапкыла. Балдарыбызды үйгө кайтаргыла".
Ишембиде Дохада тараптардын арачылар аркылуу тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданган. Нетаньяхунун кеңсеси барымтадагыларды бошотуу жана жарашуу маселелери, жоочулар анклавдан кууп чыгарылса ок атууну токтотуу сунушу талкууланганын билдирди. ХАМАС буга чейин андай сунушту четке каккан.
Радикал топтун өкүлү "Рейтерге" маалымдагандай, Израилдин позициясы өзгөрүүсүз калды, “алар барымтадагыларды бошотууну талап кылып, ошол эле маалда согушту жөнгө салуу милдеттенмесин алгылары келбейт”.
ХАМАС урушту токтотууну, израилдик аскерлерди тилкеден чыгарууну, Газанын блокадасын алууну жана палестиналык туткундарды кое берүүнү талап кылууда. Хамаасчылар ошондо гана "барымтадагы израилдиктер эркиндикке чыгат" деген шарт койгон.
Согуш 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын согушкерлери Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган.
Барымтадагылардын көбү ок атышууну токтотуу жана башка сүйлөшүүлөрдүн негизинде бошотулган. Бирок согушкерлердин колунда дагы эле 59 киши кала берүүдө, алардын айрымдары тирүүлөрдүн арасында жок болушу мүмкүн.
Израилдин жооп иретинде баштаган аскердик чабуулдарынан 52 миңден ашуун газалык каза болгонун тилкенин саламаттык сактоо мекемеси билдирди.
Шерине