Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:49

Гимндин жаңы варианты коомдук талкууга коюлбайт


Мамлекеттик гимндин биринчи куплети менен кайырмасы.
Мамлекеттик гимндин биринчи куплети менен кайырмасы.

Кыргызстанда мамлекеттик гимндин жаңы варианты коомдук талкууга коюлбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 28-апрелдеги жыйынында белгилүү болду.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев депутат Аида Исатбек кызынын суроосуна жооп берип жатып, мекеме аралык комиссия гимндин жаңы текстине 4-5 вариантты тандап алып жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялап, Жогорку Кеңешке сунуштай турганын айтты. Андан кийин музыкасына сынак жарыяланат.

Аида Исатбек кызы гимндин жаңы варианты коомдук талкууга коюлушу керектигин айтты.

47 адамдан турган мекеме аралык комиссия буга чейин сунушталган долбоорлорду угуп чыгып, мазмундук жана көркөм талаптарга толук жооп берген чыгарма табылган жок деген бүтүмгө келген. Ушундан улам гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына кайрадан сынак жарыяланган.

Сынактын жеңүүчүсүнө 1 млн 500 миң сом берилет. Экинчи орунга 1 млн, үчүнчү орунга 500 миң жана төртүнчү, бешинчи орундарга 250 миң сомдон каражат тапшырылары айтылган.

Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин 2024-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан.

Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.

Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү бир топ талаш-тартыш менен коштолгон. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG