Бишкектин Биринчи май райондук соту “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина үй камагына чыгарылганын билдирди.
УКМКнын тергөөчүсү анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арыз берип, райондук сот аны 25-апрелде канааттандырган. Ушул эле күнү бул иш боюнча айып тагылган дагы бир шектүү С.В.Т. аттуу адам да үй камагына коё берилген. Ал Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкери экени кабарланган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ошто “жалданмачылыкка” айыптап төрт кишини кармаган. Кармалгандардын бири Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Сергей Лапушкин. Дагы бири журналист, Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина экени белгилүү болгон.
Андан тышкары С.В.Т. жана В.В.А. аттуу дагы эки адам кармалган. Булардын бири Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкери экени белгилүү болсо, орусиялык маалымат каражаттары төртүнчү шектүү Виктор Васильев экенин жазышты.
Ошентип, “жалданмачылык” иши боюнча Сергей Лапушкин менен Виктор Васильев камакта жатат. Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча сотко арыз түшпөгөнүн билдирди.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин – “Жалдануучулук” деген айыптын биринчи бөлүгү “Башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу” кине коюлду.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-апрелде төрт шектүүнүн тең бөгөт чарасын карап, 17-июнга чейин камакка алган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланган. Анда тергөө шектүүлөрдү үй камагына чыгарса болот деп жыйынтык чыгарганы айтылган.
Россотрудничество - Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) менен иштеп, чет жакта жашаган орусиялыктар жана эл аралык гуманитардык алака менен алектенген федералдык агенттик деп айтылып келет. Бирок ал Орусиянын пропагандасын жайылтат деген сындарга кабылган.
Азербайжан быйыл “Россотрудничество” уюмунун ишин токтотуп, “Орус үйү” деген өкүлчүлүгүн жапкан. Бул уюм Бишкек жана Ош шаарларында активдүү иштейт. Орусия Украинага 2022-жылдын февралында согуш ачкандан кийин “Россотрудничество” Евробиримдиктин жана башка бир нече мамлекеттин санкциясына кирген.
“Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаков буга чейин Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секеринаны бошотуп алышарын айткан. (BTo)
Шерине