Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева 28-апрелде өз каалоосу менен вице-спикерлик кызматтан кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Ал депутат катары ишин уланта берет. Жамиля Исаева “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын квотасы менен 2022-жылдын 12-январында төраганын орун басары болуп шайланган.
Жогорку Кеңештин спикеринин үч орун басары бар. “Элдик” депутаттык тобунан Нурланбек Азыгалиев, “Ишеним” фракциясынан Нурбек Сыдыгалиев шайланган. Эми Жамиля Исаеванын ордуна башка депутат шайланышы керек.
2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 2020-жылы 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан шайланат.
Коомчулукта “депутаттар президенттик администрациянын мыйзамдарын кабыл алып берген нотариус болуп калды” деген сын айтылып келет. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мындай дооматтарды бир нече жолу четке каккан. (BTo)
Шерине