Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:55

Украина 150дөй орусиялык дрон сокку урганын билдирди


Днепропетровск облусу аткылоодон кийин. 27-апрель, 2025-жыл.
Днепропетровск облусу аткылоодон кийин. 27-апрель, 2025-жыл.

Жекшембиге караган түнү Украинага 149 орусиялык дрон чабуул койгонун украин куралдуу күчтөрү кабарлады. Алардын 57си атып түшүрүлгөн жана 67и көздөгөн жерине түшкөн эмес. Аткылоодон Житомир, Днепропетровск, Одесса, Донецк, Сумы жана Черкассы облустары зыян тарткан.

Днепропетровск облусундагы Павлоград шаарында бир киши каза болуп, дагы 14 жаштагы кыз жараат алды. Эки көп кабаттуу үй жабыркап, биринен өрт чыккан. Павлоград районуна атылган дрон айыл чарба ишканасына тийген. “Жалпы 500 баш мал кырылды”, - деп билдирди Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы.

Житомир облусунда кеминде 15 турак үй, өндүрүштүк имарат жана төрт автоунаа зыян тарткан. "Орусиялыктар дагы бир жолу куткаруу иштеринин жүрүшүндө кайрадан сокку урушту. Бул жолу мындай соккудан Улуттук полициянын эки кызматкери жабыркады, аларга жардам көрсөтүлүүдө", - деди облустук администрациянын башчысы Виталий Бунечко.

Одесса районунда дрон чабуулунан бир киши жараат алып, аны ооруканага жаткырышканын облустук прокуратура билдирди. Үч кабаттуу үй жана бир нече автоунаа зыян тартты.

Харьков облусунун Купянск шаарында куткаруучулар набыт болгон кишинин сөөгүн уранды астынан алып чыгышты. Орус күчтөрү 26-апрелдин кечинде урган соккудан турак үй урап, дагы жети үй зыян тартканын Өзгөчө кырдаалдар кызматы маалымдады.



Шерине

XS
SM
MD
LG