Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов президент Владимир Путинге Курск облусун бошотуу операциясы аяктаганы тууралуу маалымат берди.
Ал докладында Түндүк Кореянын аскерлери тууралуу айтып, алар Курск облусунда орусиялык аскерлер менен "жанаша туруп" аракет кылганын белгиледи. Бул Кремль түндүк кореялык аскерлердин Украинага каршы согушка катышканын расмий ырастаган биринчи учур.
Герасимовдун айтымында, 26-апрелде орус аскерлери Курск облусундагы акыркы калктуу аймак - Горналь айылын украин күчтөрүнөн бошоткон.
Башкы штабдын маалыматында, Украина Курск облусунда 76 миңден ашуун адамды жоготкон (каза болгон жана жараат алгандар).
Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Орусия Курск облусун толук көзөмөлгө алды деген маалыматты четке какты. Алардын билдирүүсүндө Украина аскерлеринин Курск облусундагы операциясы уланып жатканы жана өткөн сутка ичинде орус армиясынын беш чабуулунун мизи кайтарылганы жазылган.
Украинанын башкы штабы кырдаалды "оор" деп мүнөздөп, украин бөлүктөрү "белгилүү бир турумду карманып жана өздөрүнө жүктөлгөн тапшырмаларды аткарып жатканын" билдирди.
Украина тарап Герасимовдун "Украина Куралдуу күчтөрүнүн талкаланганы" тууралуу билдирүүсүн "пропагандалык ыкма" деп баалады.
Шерине