Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:24

Канадада фестивалда жоон топ адамды автоунаа коюп кетти


Канаданын Ванкувер шаарында фестиваль өтүп жаткан көчөдө бир канча адамды автоунаа коюп кетти.

CBC News маалымат агенттиги полицияга шилтеме берип жазгандай, каза болгондор жана жараат алгандар бар, бирок курмандыктардын так саны азырынча белгисиз.

Окуя жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат сегиз чамасында 41- Чыгыш авенюсу менен Фрейзер көчөсүнүн кесилишинде Филиппиндин Лапу-Лапу күнүнө арналган фестиваль өтүп жатканда болгон.

Айдоочу кармалганы менен полиция толук маалымат бере элек.

Бул күнү күндүз Канададагы Жаңы демократиялык партия өзүнүн шайлоо кампаниясын өткөргөн.

"Ванкувердеги Лапу-Лапу күнүн белгилөө учурунда күнөөсүз адамдардын жараат алып, каза болгонун угуп, терең кайгырып турам", - деп жазды партия лидери Жагмит Сингх социалдык тармактагы баракчасына.

Ванкувердин мэри Кен Сим окуя үчүн "терең кайгырып" жатканын билдирди. "Биз жабыркагандар жана Ванкувердеги филиппиндик коомчулук менен биргебиз", - деп кошумчалады ал.

Шерине

XS
SM
MD
LG