Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 28-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күңдүз Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 29…34;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 33…35° болот.
Шерине