Бийик тоолуу жана жолу татаал алыскы аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала береке” төлөмүн берүүнүн тартибин аныктоо боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги даярдаган документке ылайык, төлөм ала турган энелер тоолуу жана жолу татаал алыскы аймактарда кеминде алты жыл жашоого тийиш. Арыз берүүчү кыргыз жарандыгына же кайрылман күбөлүгүнө ээ болушу керек.
Бир жолку төлөм бала бир жашка чыкканда берилет. Бул тизмеге 2026-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн төртүнчү жана андан кийинки перзенти жарык дүйнөгө келген апалар кирет.
Эгерде арыз менен кошо жалган документтер берилсе, балдар толук мамлекеттик камсыздоодо болсо, бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда туруктуу жашоо фактысын ырастаган документтер жок болсо төлөм берилбейт. Мындай аймакта каттоодо туруп, бирок туруктуу жашабагандар да бул мүмкүнчүлүктү колдоно алышпайт. Эгер балдардын апасы кайтыш болуп калса, аларды камкордукка алган адам арыз менен кайрылса болот.
Бөөдө кырсыкты же күтүүсүз жагдайды эске албаганда, бала чарчап калган учурда бул төлөм берилбейт.
Бир жолку төлөмдү алуу үчүн арызды Социалдык фонддун жергиликтүү бөлүмдөрүнө тапшыруу керек.
Президент Садыр Жапаров былтыр 23-декабрда бул жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 2026-жылдан тартып төрт жана андан көп балалуу үй-бүлөлөргө бир жолу төлөнүүчү төлөм бериле баштайт.
- Төртүнчү баласын төрөгөндөргө – 100 000 (жүз миң) сом;
- Бешинчисине – 600 000 (алты жүз миң) сом;
- Алтынчысына – 800 000 (сегиз жүз миң) сом;
- Жетинчи балага – 1 000 000 (бир миллион) сом;
- Сегизинчи балага – 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом;
- Тогузунчу балага – 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;
- Он жана андан көп балалуу болгондорго 2 000 000 (эки миллион) сом каралган.
Кыргызстанда азыр жети жана андан көп балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы ыйгарылат. 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 40 миңге жакындады.
Шерине