Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Йемен Рас-Иса портунда орусиялык үч суучул жабыркаганын билдирди


Йемендеги Рас-Иса порту 18-апрелдеги соккудан кийин.
Йемендеги Рас-Иса порту 18-апрелдеги соккудан кийин.

Йемендин тышкы иштер министри Жамал Амир X социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдиргендей, Кызыл деңиздин жээгиндеги Рас-Иса мунай портуна АКШ урган соккудан үч орусиялык суучул жараат алды. Амирдин айтымында, сокку порттогу кемени бутага алып, анын мунайды түшүрүүсүнө тоскоолдук кылуу үчүн урулган. Жараат алган - Роман Кашпур, Игорь Казаченко жана Артем Ванинге Йемендин жээкти коргоо кызматы жардам көрсөткөн.

Амирдин билдирүүсүндө сокку кайсы күнү урулганы так көрсөтүлгөн эмес. Акыркы жолу АКШ соккулары жөнүндө 18-апрелде кабарланган. "Аль-Жазира" телеканалынын маалыматында, анда 80ден ашуун адам каза болуп, 150дөн ашууну жараат алган. Бул маалыматтарды башка көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Хуситтер бул соккуларды “аскердик кылмыш” деп атады.

Март айында АКШ президенти Дональд Трамп хуситтердин Кызыл деңиздеги кемелерине каршы чабуулдарына жооп катары аскердик операция башталганын жарыялаган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Рас-Иса портуна урулган соккуларды негизсиз деп атап, муну айыптады.

40 жыл мурда курулган Рас-Иса терминалы - Йемендин эң ири мунай экспорттук порту катары белгилүү. Ал жерде 3 миллион баррелге чейин көлөмдө мунай сактоого мүмкүн.

Хуситтердин кыймылы Йеменде 2014-жылы ички жаңжал башталгандан бери өлкөнүн олуттуу бөлүгүн көзөмөлдөп келет. 2023-жылдын ноябрынан бери алар Кызыл деңиздеги кемелерге ондогон ракета жана дрондон сокку урган.

Хуситтер 2023-жылдан бери Газада Израил менен ХАМАС тобунун (АКШ жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) согушунда палестиналыктарды колдоо үчүн ушундай аракет көрүп жатканын билдиришкен. Алардын айтымында, чабуулдар Израил, АКШ же Британия менен байланышкан кемелерге гана багытталган. Бирок чабуулдарга бул өлкөлөргө тиешеси жок кемелер да бир нече жолу кабылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG