Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:50

Израил ХАМАСка басымды дагы күчөтүүгө даяр экенин айтты


Газа сектору.
Газа сектору.

Израилдин Коргоо министрлиги билдиргендей, жакынкы убактарда Газа тилкесинде барымтага алынган адамдарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтык бербесе, алар ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) тобуна каршы аскердик басымды күчөтүүнү пландап жатат.

Аскердик жетекчилик жаңы аймактарда кошумча жана алдын ала даярдалган күчтөрдү колдонуп, аракеттерди баштоого даяр экенин билдирди.

"Биз Рафа шаарына колдонгон моделди тилкенин башка райондоруна да жайылтабыз", - деп жазылат армиянын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Израилдик аскерлер алга жылган сайын жихадчыл топтор менен кагылышуу күчөп жатат. Израил армиясынын маалыматында, Газада согуштук аракеттер кайра жандангандан бери 400дөн ашык куралчан палестиндик согушкер өлтүрүлүп, ХАМАСка таандык 1800дөй объект жок кылынган.

Ошол эле маалда, ХАМАСтын өкүлү Тахер Аль-Ноно Reuters агенттигине билдиргендей, ХАМАС Израил жана Газа боюнча беш-жети жылга ок атышпоого даяр экенин, бирок куралсыздануудан баш тарта турганын жарыялады. Бул билдирүү Каирде ортомчулардын катышуусунда өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн фонунда жасалды.

ХАМАС ортомчу тараптар мындай сунушту колдойт деп үмүттөнүүдө. Бул сунуш согуштук аракеттерди токтотууну, Газа тилкесин калыбына келтирүүнү, 2023-жылы 7-октябрда Израилде барымтага алынган бардык палестиналыктарды айырбаштоону камтыйт.

Ошол эле учурда Израилдин Газа тилкесин демилитаризациялоо талабы четке кагылды. "Каршылык көрсөтүү үчүн колдонулчу курал-жарак маселеси талкууга жатпайт жана ал биздин колубузда оккупация бүткөнгө чейин калат", – деп билдирди Аль-Ноно.

Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын кеч күзүнөн бери 51 миңдей палестиндин өмүрү кыйылды. Согуштун башталышына ХАМАСтын Израилге кол салуусу түрткү болгон. Анда жоочулар 1200дөй адамды өлтүрүп, 250дөйүн барымтага алган. Кийинчерээк барымтадагылардын бир бөлүгүн аман-эсен кайтарууга мүмкүн болгон.

Израилдин маалыматында, учурда дагы Газада болжол менен 60 киши барымтада жатат. Алдын ала маалымат боюнча алардын көбү каза болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG