Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:31

Кыргызстанда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлчүлүгү ачылат


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун директору Цюй Дуньюй.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун директору Цюй Дуньюй.

Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу (БУУ) Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (FAO) өкүлчүлүгүн Кыргызстанга ачуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду. Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев аталган уюмдун жетекчиси Цюй Дуньюй менен жолугуп, Кыргызстан менен Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы кызматташтыгынын жүрүшү, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүү жана элет элинин турмушун жакшыртуу маселелерине байланышкан долбоорлордун алкагында сүйлөшүү жүргүзгөн.

Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Кыргызстанда жалпы суммасы 35 млн. долларды түзгөн 13 долбоорду ишке ашырууда. Мындан тышкары, бул уюм Кыргызстанда 18 глобалдык, аймактык жана субрегионалдык долбоорлорду ишке ашырууну колдойт.

2023-жылы уюм дүйнөдөгү кирешеси төмөн жана азык-түлүгү тартыш 44 өлкөнүн тизмесин жарыялаган. Тизмеге Кыргызстан дагы кирген.

Азык-түлүк жана айыл чарба уюму 1945-жылы тузүлгөн. Ага дүйнөнүн 197 мамлекети мүчө, ал эми Кыргазстан 1993-жылдан бери кызматташып келет. (MiK)

Шерине

XS
SM
MD
LG