Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Одессага дрон чабуулунда үч киши жараат алды


Одессага жасалган чабуулдан бир катар турак жайлар талкаланды. 22-апрель, 2025-жыл. Украина.
Одессага жасалган чабуулдан бир катар турак жайлар талкаланды. 22-апрель, 2025-жыл. Украина.

Украинанын Одесса шаары 22-апрелге караган түнү дрондордун жапырт чабуулуна дуушар болду. Бул тууралуу Одесса шаардык мэриясы жана облустун аскердик администрациясы билдирди. Үч киши жараат алганы кабарланды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, чабуулдан улам шаардагы жарандык инфраструктура, турак жайлар, билим берүү мекемеси жана автоунааларга зыян келтирилген.

Шаар мэри Геннадий Труханов билдиргендей, дрондордун бири эл жыш отурукташкан районго түшүп, көптөгөн батирлер зыян тарткан.

"Тургундар али да коркуп турушат", – деди Труханов.

Орусиянын Коргоо министрлиги Одессага жасалган чабуул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Ошондой эле Киев облусунун бийлиги да 22-апрелге караган түнү дрон менен абадан сокку урулганын билдирди. Абадан коргонуу каражаттары алардын баарын атып түшүрүүгө үлгүргөн. Мындан улам кыйроолор болгон эмес.

Андан тышкары 22-апрелдин таңында дагы Сумы, Чернигов жана Харьков облустарына учкучсуз аппараттар менен чабуул жасалганы маалым болду.

Орусиянын бийлиги адатта аскердик жайларды гана бутага аларын билдирип, карапайым тургундар жашаган райондорду аткылаганын четке кагып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG