Улуттук коопсуздук комитети согушка жалданмачылыкка байланыштуу дагы бир кишини кармаганы белгилүү болду. Ал Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы "Орус үйүнүн" кызматкери Наталья Секерина экени айтылууда.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунан “Азаттыкка” билдиргендей, шектүү С.Н.В. аттуу жарандын бөгөт чарасы 19-апрелде каралып, 17-ноябрга чейин камакка алуу чечими чыккан. Маалыматта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгогону жазылган.
Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгү (“Башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу”) боюнча айып коюлган.
Наталья Секеринанын Фейсбуктагы баракчасында Ош шаарындагы "Орус үйүнүн" кызматкери катары материалдарды даярдап, 2024-жылы бир нече видеолорду бөлүшкөнүн көрүүгө болот. Бул уюмдун сайтында Сергей Лапушкин катышкан бир катар иш-чаралардын сүрөттөрү жана маалыматтар бар.
Наталья Секеринанын жолдошу “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты. Ал адвокат менен кеңешип туруп жооп берерин айтып, бирок кийин байланышкан жок.
Мунун алдында эле Ош мэриясынын бир кызматкери ушул эле кылмышка шектелип кармалганы белгилүү болгон.
УКМК бул кармоолор боюнча маалымат бере элек.
Буга чейин ар кандай шартта Орусиянын тарабында Украинада согушка катышкан үч кыргызстандыктын иши резонанс жараткан.
Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу орус армиясы менен кайрадан келишим түзгөнү кабарланган. Ал буга чейин Кыргызстанда жети жылга соттолуп, кийин пробация менен бошотулган соң чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Орусияга чыгып кеткени маалым болгон.
Араванда Украинадагы согушка катышкан деп шек саналган жаран беш жылга соттолсо, Нарында Орусиянын “Вагнер” менчик аскер компаниясы менен согушка барганы үчүн соттолгон Бекназар Бөрүгул уулу мунапыс менен абактан бошотулган.
Кыргызстандын мыйзамы жарандарга чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышуусуна тыюу салат. УКМК бул кылмышка баргандар 15 жылга чейин абакка кесилерин эскертип келет.
Шерине