Акыйкатчы институту Сузак районунда 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан ашык убакыт бою зордуктап жүргөнү ырасталганын билдирди. Мекеме бул тууралуу 22-апрелде маалымат таратты. Институттун кызматкерлери кыз менен жолукканда бул маалыматтарды ал өзү тастыктаган.
Кыз бул тууралуу апасына айтканын, бирок ал чара көрбөй, кызын күнөөлөгөнүн билдирген. Былтыр күзүндө апасы чет өлкөгө миграцияга кетип, кызын жана азыркы турмушунан эки баланы жолдошуна таштап кеткен.
“Бир канча убакыттан кийин кыздарын Чүй облусунда жашаган өкүл апасына жөнөткөн. Кыз эки бир тууганы менен Чүй облусунун Ысык-Ата районунда убактылуу жашап, билим алып жаткан. 2025-жылдын апрель айында кыздарды кайрадан атасынын колуна жөнөтөр алдында, өспүрүм ыйлап, болгон окуяны аларды карап жаткан аялга айтып, Сузакка баруудан баш тартат. Убактылуу түнөк берип келген аял, бул окуяны угар замат Ысык-Ата РИИБине 16-апрелде билдирген”, - деп жазылган институттун билдирүүсүндө.
Милиция өспүрүмдү суракка алып, соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Ал эми кыз убактылуу балдар борборуна жайгаштырылып, жанында апасы жок болгондуктан, социалдык кызматкерлердин камкордугуна алынган.
Иш боюнча материалдар Сузак райондук милициясына жөнөтүлгөн. Райондук милиция кыздын өгөй атасына Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (“Зордуктоо”) менен кылмыш ишин козгогону маалым болду.
Кыздын өгөй атасы делген жаран жана анын жакындары, адвокаты комментарий бере элек.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылы “Зордуктоо” беренеси менен 14 иш , “16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” беренеси менен жети жана “Ыплас аракеттер” беренеси менен тогуз иш козголгон.
Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. (TAb)
Шерине